БААУдагы билим берүү Борбордук Азиядагы башка окуу жайлардан таптакыр айырмаланат. Америкадагы эркин өнөр модели негизинде билим берген БААУ эркин ой-пикир билдирүүнү, сын көз карашты жана академиялык чынчылдыкты жогору баалайт. БААУ жаш лидерлерди экономикалык ийгиликке гана эмес, коомго активдүү катышууга жана жеке өнүгүүгө да даярдайт.
Бүгүн саякатка чык! БААУнун чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билип ал.
БААУнун китепканасы — билимиңизди өнүктүрүп, тереңдетип, байытып турган мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү колуңузда.
Жаңы Муун Академиясы (ЖМА) — Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинде (БААУ) сунушталуучу кеңири камтылган академиялык даярдык программасы. ЖМА бир жылдык интенсивдүү окуу курсун сунуштап, бүтүрүүчүлөрүн университетке даярдоого багытталган. Программа мамлекеттик мектеп системасындагы боштуктарды толтуруп, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өз каалоосундагы университетке кирүүгө жана ийгиликке жетүүгө жардам берет. Катышуучулар англис тили, колледж деңгээлиндеги математика, ошондой эле кыргыз жана орус тилдери боюнча тереңдетилген окуу курсунан өтүшөт.