Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - “Борбордук Азияны иликтөө” магистрдик программасы (MACAS)

“Борбордук Азияны иликтөө” магистрдик программасы (MACAS)

 

Программа

“Борбордук Азияны иликтөө” магистрдик программасы Борбордук Азиянын өткөн жана учурдагы социалдык, саясий, экономикалык жана маданий процесстерин иликтөө жана аймак жөнүндө билимдерди түзгөн илимий дисциплиналарга методологиялык жана аналитикалык жолдорго баяндама берүү максатында иштелип чыккан. Бул программанын бүтүрүүчүлөрүнөн аймакта жетишерлик деңгээлде көз карандысыз изилдөөлөрдү жүргүзүү жана адистиги боюнча иштөө үчүн жергиликтүү тилдерди билүү талап кылынат. Ошондой эле алар Борбордук Азия жөнүндө чогултулган жана келечекте алына турган маалыматтарды баалоо, талдоо жана сын көз-карашта түшүнүү боюнча өз жөндөмдөрүн көрсөтүүгө милдеттүү. Бул интерактивдүү программа магистранттарга окутуудан практикага жана практикадан окутууга өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары программанын бүтүрүүчүлөрү Борбордук Азияны иликтөөгө басым жасоо менен гуманитардык илилмдер боюнча доктордук программаларга (PhD) тапшырууга жана жергиликтүү же башка чет тилдерди билүү талап кылынган же башка квалификациялык талаптар бар төмөнкү тармактарда эмгектенүүгө бирдей даяр болушат: мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтарда, Эл аралык уюмдарда жана журналистика чөйрөсүндө.

Программа Борбордук Азиядагы Америка университетинин алдындагы Борбордук Азияны иликтөө институтунун (БАИИ) жетекчилиги астында ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Борбордук Азиядагы Америка университети гуманитардык илимдер тармагында америкалык билим берүүнүн мыкты салттарындагы Эл аралык, мультидисциплинардык коомчулук болуп эсептелет. Негизделген күнүнөн тарта университет интеллектуалдык эркиндик менен сын көз-карашта ойлонууну колдоо жана ишке ашыруу менен өз оригиналдуулугун далилдеди. Аймактагы жайгашкан орду, Эл аралык студенттик жана профессордук коомчулугунун мүчөлөрүнүн санынын өсүшүнүн негизинде БААУ борбордук-азиялык аймакта илимий изилдөөлөрдү өткөргөн жана жогорку сапаттагы билимди берген алдыңкы жогорку окуу жай болууга умтулууда. Бул максатта 2011-жылы БААУнун алдында БАИИ түптөлгөн. Жергиликтүү жана чет элдик окутуучуларды бириктирип, студенттер, профессорлор жана чакырылган окумуштуулардын ортосунда ийгиликтүү өз-ара аракеттенишүүлөр орун алуусу үчүн жакшы шарттарды түзүү жана мультидисциплинардык жана салыштырма изилдөөчүлүк долбоорлорго артыкчылык берүү менен БАИИ Борбордук Азиянын республикаларынын (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) жана ага чектеш жайгашкан аймактарда болуп жаткан процесстер жөнүндө инновациялык жана ишенимдүү билим берүү максатын көздөйт. Магистранттар - аталган программанын угуучулары академиялык жана изилдөөчүлүк коомчулуктун бир бөлүгү болушат. Ошондой эле ар кандай жолугушуу, семинар жана тегерек столдорго катышуу аркылуу белгилүү окумуштуулар менен байланыштарды түзүү, саясатчылар жана эксперттер менен иштешүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн Айгүл Каныбековага кайрылыңыз  (kanybekova_ai@auca.kg).

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028