Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ИЗИЛДӨӨ

ИЗИЛДӨӨ

БААУ Борбор Азия үчүн маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзөт. Жергиликтүү жана эл аралык профессорлордун курамынын айкалышы бизге жергиликтүү изилдөөлөрдү дүйнөлүк стандартка ылайык жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул жерде көрсөтүлгөн илимий институттар/топтор, алардын ар кандай миссияларына жана максаттарына карабастан, Борбордук Азия академиясынын алдыңкы сабында турушат.

Университеттик изилдөөлөр

БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ (ББИ)

Билим берүү институту (ББИ) БААУнун дисциплиналар аралык академиялык түзүмү – ал бардык деңгээлдерде жана транс-маданий контексттерде билим берүүгө, изилдөөгө жана билим берүүнү пропагандалоого арналган.

ПРЕЗИДЕНТТИК ИЗИЛДӨӨ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ ФОНДУ

Президенттик Изилдөө жана Билим берүү Фонду (ПИББФ) уникалдуу демилге катары профессордук курамынын, студенттердин жана кызматкерлердин илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүнө арналган дискреттик долбоорлорду БААУдагы Президенттин Аппараты аркылуу колдоого багытталган. Бул фонд университеттеги жаңы демилгелерди, мультидисциплинардык долбоорлорду каржылоону жана БААУнун студенттеринин катышуусундагы долбоорлорду өзгөчө кубаттайт.

ТЯН ШАНЬ САЯСАТ БОРБОРУ

Тян Шань саясат борбору (ТШСБ) миграция, туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо, адам укуктарын коргоо жана демократиялык башкаруу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт; Борбордук Азия аймагынын маанилүү проблемаларына арналган семинарларды жана конференцияларды уюштурат.

МУГАЛИМДЕРДИН ИЗИЛДӨӨ ТОПТОРУ

ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК КАРОО КЕНЕШИ (ИКК)

БААУнун Институционалдык кароо кеңеши (ИКК) БААУнун студенттери, кызматкерлери жана кадрлар тарабынан илимий изилдөөдө пайдаланылган адам субъекттеринин укуктары жана жыргалчылыгы корголушун камсыз кылуу үчүн изилдөө сунуштарын карап чыгат. Кароонун максаты - мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди азайтуу, ал эми потенциалдуу пайдаларды максималдуу көбөйтүү; адам субъекттери негизделген макулдук берилгенден кийин ыктыярдуу түрдө катышуусун; БААУ менен байланышкан изилдөөлөр этикалык жана зыяндуу эмес түрдө жүргүзүлүшүн камсыз кылуу.

ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК КАРОО КЕНЕШИ (ИКК)

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028