Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -

 

SWITCH-Asia PERETO Кыргызстандын HoReCa секторунда экологиялык мыкты тажрыйбаларды таануу менен ECO KG сертификатын ишке киргизди

PERETO долбоору Борбордук Азиядагы Америка Университети (БААУ) жана өнөктөш уюмдар менен консорциумда ишке ашырылууда: UNISON Group (Кыргызстан), Technopolis Group (Бельгия), Туруктуу керектөө жана өндүрүш боюнча кызматташуу борбору - КөКБ (Германия).

 

Туруктуу чечимдер үчүн жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: Кыргызстандагы экологиялык хакатон

«Кыргызстандын туризм индустриясында энергетикалык жана ресурстук эффективдүүлүктү илгерилетүү» (ПЕРЕТО) долбоору Борбордук Азиядагы Америка Университети (БААУ) жана өнөктөш уюмдар менен консорциумда ишке ашырылууда: UNISON Group (Кыргызстан), Technopolis Group (Бельгия), Туруктуу керектөө жана өндүрүш боюнча кызматташуу борбору - КөКБ (Германия).

 

БААУ, Борбордук Европалык университети жана Бард колледжи инновациялык биргелешкен геомейкиндиктик курсун ачышты

2023-жылдын 4-октябрында “Тармактык биргелешкен курстар” демилгесинин алкагында биринчи биргелешкен “Геомейкиндиктик маалыматтарды визуалдаштырууга киришүү” аттуу онлайн курсубузду өткөрдүк. Бул кызматташтык үч институтту бириктирет: Борбордук Азиядагы Америка Университети (БААУ), Борбордук Европа Университети жана Бард Колледжи. Ушул алгачкы сессиянын жүрүшүндө үч университеттин студенттери курстун профессорлору менен бирге курстун максаттары жана мүмкүн болуучу долбоордук темаларды талкуулашты.

 

БААУ студенттери Токтогул районунун мектеп окуучулары менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча түшүнүктөрү менен бөлүшүштү

Чычкан өрөөнүндөгү жайыттарды жана биоартүрдүүлүктү жакшыртууга багытталган долбоордун алкагында Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) студенттери, Экологиялык туруктуулук жана климатология факультетинин 3-курсунун студенти Жыпара Кадыракунова жана Программалык камсыздоо факультетинин 1-курсунун студенти Савлет Нишанбек Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол айылындагы No41 Ибрагимов Умаров атындагы орто мектебинин 8-9-класстарынын окуучуларына барды.

 

МИГРАЦИЯ БОЮНЧА МЫКТЫ ЭССЕ КОНКУРСУ

Урматтуу студенттер,
Борбордук Азиядагы Америка унивеситетинин Тян-Шан аналитикалык борбору (БААУ ТАБ) конкурс жарыялайт 
МИГРАЦИЯ БОЮНЧА МЫКТЫ ЭССЕ КОНКУРСУ
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн.
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери учурдагы миграциянын бардык аспектилерин камтыган, саясатты курууга болгон миграциянын таасирин, ошондой эле коомчулукка тийгизген саясий, экономикалык жана социалдык таасирин көрсөткөн эссени жазууга чакырылат (теманы тандоо студенттин өз ыктыяры).   

Мероприятия


 


Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028