Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ЖМАга КОШ КЕЛИПСИЗДЕР!

ЖМАга КОШ КЕЛИПСИЗДЕР!

АКАДЕМИЯ ЖӨНҮНДӨ

Жаңы муун академиясы (ЖМА) - бул Бишкектеги (Кыргызстан) Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин мыкты комплекстик академиялык даярдоо программасы. 

ЖМАнын программасы өз бүтүрүүчүлөрүн жогорку билимге даярдоого багытталган бир жылдык же семестрдик интенсивдүү программаны сунуштайт. Программа орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн өз тандоосуна ылайык университетке тапшырууга жардам берүү максатында мамлекеттик мектептердеги боштуктарды толтурууга багытталган. Катышуучулар англис тили, математика жана орус тили боюнча олку-солкусуз катуу программаны өтүшөт. Бардык курстар студенттердин сын көз-карашта жана аналитикалык ой-жүгүртүүсүн, академиялык каттын ыкмаларын өнүктүрүүгө жана лидерлик дараметин жогорулатууну көздөйт. 

Биз жетектөөчү принциптери өз-ара сый-урмат, ачыктык жана кабыл алуучулук болгон биримдиктүү көп улуттуу коомчулук түзүүгө умтулабыз. ЖМАнын студенттери жылына 600 саат жакшы уюштурулган окутууну алышат. Алардын ичинде милдеттүү ийримдер, тилдик лабораториялар жана практикалык тесттер бар. Мындан тышкары биргелешкен сабак катары бир катар семинарлар, ийримдер жана экскурсиялар сунушталат.

 

NGA ORIENTATION PROGRAM 2022

 

 

Эмне себептен ЖМА?

 

 

Тажрыйбалуу Эл аралык окутуучулук курам;

Студенттер менен окутуучулардын катышы 7:1

 

 

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү БААУга/чет өлкөлөрдөгү каалаган ЖОЖго тапшырууга даяр

 

 

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү стипендиалдык программага билдирмелерди берүүдө атаандаштыкка жөндөмдүү

  

 

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү болочок кесиптерин жана карьералык жолдорун аң-сезимдүү түрдө тандашат

  

 

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү өз өлкөсүндө жана андан тышкары чет жерлерде жаркын лидерлерге айланышат

  

 

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү БААУда жана башка жайда академиялык жактан да, социалдык жактан да ийгиликтүү болушат

 


ЖМА билим алууга умтулган, өз кызыгууларынын жана кыялдарынын артынан калбаган, жаңы нерселерди ачууга ынтызаар студенттердин ар бирине мүмкүнчүлүк түзүп берет. Биз академиялык жана окуудан тышкаркы чөйрөдө кайталангыс студенттик тажрыйба сунуштайбыз…


Камиля Кадырова, ЖМАнын директору
Куттуктоо кайрылуусунун текстин толугу менен окуу үчүн бул жерди басыңыз

 

Эмнени билүү маанилүү

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028