Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ЖМАнын СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАСЫ 2024-25

ЖМАнын СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАСЫ 2024-25

 

 Борбор Азиядагы Америка университетинин 

Жаңы муун академиясында акысыз билим алууга сынак (2024-2025)

 

 

ЖАҢЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫНЫН СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАСЫ 2024-2025

Бишкек шаарындагы Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Жаңы муун академиясы (ЖМА) бир жылдык интенсивдүү университетке даярдоочу окуу программасын сунуш кылат. Окуу программанын негизин англис тили, TOEFL pBT/iBT тестирлөөгө даярдоо жана математика сабагы түзүшөт.  Окуудан тышкары академиянын студенттери БААУнун студенттик клубдары менен бирге (шахмат, дебат, театр), ар түрдүү семинарларга, лекцияларга катыша алышат.

Сынакка баардык орто билим берүү окуу жайларынын (техникум, колледж ж.б.) жана орто мектептердин быйылкы бүтүрүүчүлөрү катышууга чакырылат. Быйыл Кыргызстандын баардык аймактарынан сынактык негизде 25 бүтүрүүчү Жаңы муун академиясында билим алууга мүмкүнчүлүк алат. Сынактын финалисттери ЖМАда акысыз бир жылдык даярдоо курсунда окууга болот.

Стипендиялык программа студенттердин төмөнкү чыгымдарын каржылайт:

  • Бир жылдык окуунун толук наркы
  • Окуу мөөнөтү аяктаган убакка чейин жатакананы
  • Айына төлөп берилүүчү стипендия

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү окуу программанын ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу официалдуу сертификатка ээ болушат.

 

  • ЖМАнын СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАСЫНЫН ТАНДОО ТАЛАПТАРЫ: 
  • Кыргызстандын жараны болуу жана арыз берген учурда өлкөнүн аймагында жашоо.
  • Англис тилинде орто деңгээлде жазуу жана сүйлөө.
  • Тандоо талаптарына материалдык абал боюнча туура келүү.
  • Орто билим берүү окуу жайын ийгиликтүү аяктоо же бүтүрүүчү 11- класста/3-курста окуу.
  • Окуу жылынын башталышында ЖМАнын окуу программасын баштоого даяр болуу.

 

  • ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНА КАНТИП ТАПШЫРУУГА БОЛОТ?

I баскыч: ЖМАнын стипендиясына тапшырууда атайын форманы жана талап кылынган керектүү документтерди тапшыруу. Колдонмонун 2 түрү бар (Сиз бирөөсүн гана тандооңуз керек).

 

     a) Кагаз түрү (толтурулган форма жана бардык документтер ЖМА офисине берилиши керек).

 

ЖМАнын стипендиясынын атайын формасын бул жерден ЖҮКТӨӨ зарыл: 

ЖМАнын стипендиялык программасынын формасы Кыргыз тилинде

ЖМАнын стипендиялык программасынын формасы Орус тилинде

 

     б) Форманы онлайн толтурса да болот (форманы толтурганга чейин 1-чи тиркемедеги бүт документтерди даярдап алыңыз).

ЖМАнын стипендиялык программасынын онлайн формасы Кыргыз тилинде

ЖМАнын стипендиялык программасынын онлайн формасы Орус тилинде

 

1-чи тиркеме бул жерден ЖҮКТӨӨ зарыл: 

1-чи тиркеме (Кыргыз тилинде)

1-чи тиркеме (Орус тилинде)

 

  • “Мен эмне үчүн ЖМАда окугум келет?” (Why Do You Want to Study at NGA?") аталыштагы англис тилинде дилбаян;
  • Класс жетекчиңиз же кураторуңуз  тарабынан толтурулган сунуштоо каты.  Сунуштоо катынын толтурулуу тартиби формада көрсөтүлгөн;
  • Атайын формада көргөзүлгөн документтеринин түп нускасы же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • Орто билим берүү окуу жайын/мектепти бүтүргөндүгүңүздү тастыктаган документ жана сиз алган баалар көрсөтүлгөн табель;
  • Кошумча шаардык, областтык, республикалык жана эл аралык окуучулар арасындагы олимпиадалардан алган грамота, диплом же сертификаттарыңыздын көчүрмөсү.

Жарым финалисттер англис тилинен тест жазышат жана маектешүүгө катышуусу зарыл. Тест жана маектешүү Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Маанилүү: Сынактын уюштуруучулар жарым финалга өткөн катышуучуларга гана телефон аркылуу финалга өткөнүн маалымдашат.

 

II баскыч: Англис тилден тестирлөө жана  ЖМАнын өкүлдөрү менен маектешүү:

  • Сынактын жарым финалга өткөн катышуучулары англис тилинен тестирлөөгө катышышат. Тест англис тилинин грамматикасын, жазуу жана окууну текшерет. Тестирлөө Бишкек шаарында жүргүзүлөт.
  • Маектешүү дагы Бишкек шаарында өткөрүлөт. Маектешүүнүн башкы тили англис тили, ал эми кыргыз жана орус тилдери кошумча колдонулат. Жарым финалчылардын арасынан англис тили тесттинен жана маектешүүдөн өткөн катышуучулардан тандалып, ЖМАда бир жыл акысыз окууга мүмкүнчүлүк алышат.

 

  • МААНИЛҮҮ КҮНДӨР:
  • 26-АПРЕЛЬ 2024- жыл – толтурулган форманы жана баардык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү
  • 2024- жылдын МАЙ – документтерди карап чыгуу жана жарым финалчыларды тандоо
  • 2024-жылдын ИЮНЬ – англис тилинен тестирлөө жана маектешүү өткөрүү. Финалга өткөн катышуучуларды маалымдоо
  • СЕНТЯБРЬ 2024 - жыл - ЖМАда окуу жылдын башталышы

ТОЛТУРУЛГАН ФОРМАНЫ ЖАНА ДОКУМЕНТТЕРДИ КАЙДА ТАПШЫРУУ КЕРЕК? 

Толтурулган документтердин топтомун 2024-жылдын 26-апрель күнүнө саат 16.00 чейин төмөнкү дарекке АЛЫП КЕЛИП ТАПШЫРУУ керек.

Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, БААУ, ЖМАнын кеңсеси,  кабинет №420

 

БАЙЛАНЫШ ҮЧҮН МААЛЫМАТ:

Электрондук баракча: www.nga.auca.kg

Электрондук дарек: nga@auca.kg

Уюлдук тел. / WhatsApp: + 996 (220) 11-82-43

Иш телефону: +996 312 91 50 00 (кошумча: 485, 486)

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028