Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БААУнун КИРҮҮ СЫНАКТАРЫ

БААУнун КИРҮҮ СЫНАКТАРЫ

БААУга арыз берүүчүлөрдүн баары англис тили боюнча жетиштүү билимин жана академиялык жөндөмдөрүн БААУнун  кирүү сынактарын өтүү аркылуу далилдөөлөрү керек. Студенттер БААУнун кирүү сынактарынан өтүүнү же ага эквиваленттерин сунуш кылууну тандай алышат.

Англис тилин билүү деңгээлин көрсөтү үчүн студенттер төмөнкү сынактардын бирин тандап, өтүшөт:

Кирүү сынактарынын расмий натыйжасы (бир сынак боюнча гана сертификат берилиши керек)

• БААУнун англис тили боюнча сынактын расмий сертификаты

• TOEFL боюнча расмий сертификаты (кагаз жүзүндөгү же интернет аркылуу) – БААУ үчүн КОДУ 0419 же
• IELTS боюнча расмий сертификат - БААУ үчүн коду 8306 (бакалавриаттар үчүн), 8305 – магистратурада окугандар үчүн 

• Duolingo боюнча расмий сертификат 

Академиялык чеберчилигин көрсөтүү үчүн, студент төмөнкү сынактардын бирин гана тандап өтүшү керек:

• БААУнун кабыл алуу сынагы же
• SAT I – БААУ үчүн КОДУ 5825 же
• ACT тести, ага кошумча жазуу иши БААУ үчүн КОДУ 5479


БААУНУН КИРҮҮ СЫНАГЫНА КАТТАЛУУ

АНГЛИС ТИЛИ БОЮНЧА СЫНАКТАРДЫН ЭКВИВАЛЕНТТЕРИ ЖӨНҮНДӨ БИЛИҢИЗ

АКАДЕМИЯЛЫК СЫНАКТАРДЫН ЭКВИВАЛЕНТТЕРИ ЖӨНҮНДӨ БИЛИҢИЗ

СЫНАКТАРГА ДАЯРДЫК

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028