Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - АКАДЕМИЯЛЫК БИЛИМДЕР

АКАДЕМИЯЛЫК БИЛИМДЕР

 

БААУга кабыл алынуу үчүн академиялык билим деңгээлин көрсөтүүнүн үч жолу бар.

1. БААУнун кирүү сынактары же
2. SAT Reasoning Test же
3. ACT PLUS жазуу тести
Бардык натыйжалар БААУга арыз берүү мөөнөтүнүн аралыгында тапшырылышы керек. СБ жана ACT сынактары жөнүндө маалымат жана аларды БААУга кантип билдирүү жөнүндө төмөндөн караңыз.


SAT Reasoning Test
SAT Reasoning Test англис тили боюнча көз карандысыз кирүү сынагы болуп эсептелет, ал БААУнун бакалавриат программаларына кабыл алуу үчүн колдонулат. БААУга кирүүнү каалаган студенттер SAT Reasoning Testтин натыйжаларын БААУнуну кирүү сынактарынын ордуна бере алышат. Бул тест дүйнө боюнча жүздөгөн борборлордо, октябрь, ноябрь, декабрь, январь, май жана июнь айларында 6 өз алдынча күндөрү тапшырылат.
SAT Reasoning Test үч нгизги бөлүмдөн турат: Сын окуу, математика жана жазуу. Тесттин сын окуу бөлүмү окуу, сүйлөмдү толуктоо сын окуу тапшырмасынан турат. Математика бөлүмү сан жана операциялар, алгебра жана функция, геометрия жана статистика, мүмкүндүк теориясы жана маалыматтарды талдоо (саноо тапшырмасы жок) иштеринен турат. Жана акырында, жазуу бөлүмү студентттердин грамматика, сөз байлыгы жана сөздөрдү колдонуу боюнча билимдерин бир нече жооптуу тапшырмалар жана дилбаян жазуу ыкмаларын колдонуу менен текшерет


SAT Reasoning Testке катталуу
SATке катталуу үчүн студенттер  http://sat.collegeboard.org/register  сайты аркылуу анын бетине кирип, онлайн тартибинде катталуулары керек же почта аркылуу жөнөтсө болот.
Сынак борборлорун бул жерден тапса болот: http:өөwww.collegeboard.comөstudentөtestingөsatөcodelist.html
Сынак күндөрүн бул жерден тапса болот: http:өөwww.collegeboard.comөstudentөtestingөsatөcalenfees.html

SATке машыгуу
SATке расмий машыгуу
Сын окууга даярдык 
Математикага даярдык 
• Жазууга даярдык


SATтин натыйжаларын БААУга билдирүү


SATтин натыйжаларын Бард Колледжи аркылуу http://sat.collegeboard.org/scores/ дарегине билдирсе болот. Арыз берүүчүлөр тест тапшырган борбордон өз натыйжаларын БААУга жиберүүнү талап кылышы керек. Эгер студент тест учурунда, баракчанын атайын белгиленген жеринде БААУнун төрт орундуу кодун (сан белгисин 5825) көрсөтсө, SAT боюнча алган упайлар автоматтык түрдө эч кошумча чыгымсыз БААУга жиберилет.

 

Тест ACT Plus Writing

ACT PLUS жазуу тести англис тили боюнча көз карандысыз кирүү сынагы БААУда бакалавр программалары үчүн кирүү сынагы катарында пайдаланылат. БААУга кирүүнү каалаган студенттер ACT PLUS жазуу тестинин натыйжаларын БААУнун кирүү сынактарынын ордуна бере алышат. Бул тест дүйнө боюнча жүздөгөн борборлордо, октябрь, декабрь, февраль, апрель жана июнь айларында 5 өз алдынча күндөрү тапшырылат.

ACT PLUS жазуу тести негизги төрт багыттан турат: англис тили, окуу, математика, илим жана ой жүгүртүү. Тесттин англис тили бөлүмү пунктуация, грамматика, сүйлөмдүн түзүмү, риторикалык көндүмдөр, стратегиялар, уюштуруу жана кептик стиль өзгөчөлүктөрү боюнча билимди аныктайт. Окуу бөлүмү тексттин негизги идеяларын аныктап, негизги жерлерин таап жана чечмелөө, салыштыруу, себеп-натыйжалык байланыштарды түшүнүү, контексттен маанини аныктап, жыйынтык чыгаруу жана автордун талдоосу (же айтып берүүчүнүн үнү) жана ыкмаларын аныктоо боюнча студенттин жөндөмүн текшерет. Математика бөлүмүндөгү тест студенттин сан жана операциялар, алгебра жана функциялар, геометрия, статистика, мүмкүндүк теориясы жана маалыматтарды талдоо (ACT Plus Writing тестинде саноо тапшырмасы жок) боюнча билимин текшерет. Акырында илим бөлүмү табигый илимдер тармагында керектүү көндүмдөрдү текшерет. Алар чечмелөө, талдоо, баалоо, ой жүгүртүү жана маселелрди чечүү.

 

ACT PLUS жазуу тестине катталуу:
ACT PLUS жазуу тестине катышууга катталуу үчүн, студенттер аталган тесттин сайтыныны каттоо бетине кириши керек http:өөwww.actstudent.orgөregistөindex.html (егер тест АКШ, Канада же Пуэрто-Рико өлкөлөрүнүн чегинен сырткары болсо) .
Эл аралык тестирлөө борборлорун жана тест өткөрүү күндөрүн бул жерден тапсаңыз болот: http://www.actstudent.org/regist/index.html 

ACTPLUS жазуу тести боюнча машыгуу
ACT PLUS жазуу тестине онлайн түрүндө расмий даярдануу 
ACT PLUS жазуу тестине даярдануу (PDF, 80 бет, 1075 КБ)
ACT PLUS жазуу тестине машыгуу, текшерүү үчүн суроолор 
ACT PLUS жазуу тестин жазуу боюнча кеңештер 
ACT PLUS жазуу тестин жазууга карата сүрөттөмө
 
ACT PLUS жазуу тестинин натыйжаларын БААУга билдирүү
ACT PLUS жазуу тестинин натыйжаларын БААУга төмөнкү сайт аркылуу арыз берүү жолу менен билдирсе болот: http://www.actstudent.org/scores/index.html.

Арыз берүүчүлөр Арыз берүүчүлөр тест тапшырган борбордон өз натыйжаларын БААУга жиберүүнү талап кылышы керек. Эгер студент тест учурунда, баракчанын атайын белгиленген жеринде БААУнун төрт орундуу кодун (сан белгисин 5479) көрсөтсө, ACT PLUS жазуу тести боюнча алган упайлар автоматтык түрдө эч кошумча чыгымсыз БААУга жиберилет.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028