Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - КАНТИП КАТТАЛУУ КЕРЕК

КАНТИП КАТТАЛУУ КЕРЕК

 

БААУнун КИРҮҮ СЫНАКТАРЫНА КАТТАЛУУ


Борбордук Азиядагы Америка университети БААУнун Бишкектеги кабыл алуу сынагынан өтүүнү сунуштайт. Бул БААУга тапшыруу үчүн гана жарактуу жана башка мекемеге кабыл алынууга пайдаланылбайт. БААУнун кабыл алуу сынагы 3 болуктон турат: англис тилинен тестирлоо, дил баян жана математика.
Кабыл алуу сынагына катталуу үчүн, студенттер Кабыл алуу бөлүмүнө төмөнкү документтерди кабыл алуу сынагын тапшырардан 3 күндөн кеч эмес мөөнөттө бериши керек:
• катышуучунунун катталуу формасы (Кабыл алуу бөлүмүнөн алсаңыз болот, G20)
• Паспорттун түп нускасы менен көчүрмөсү (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана ким экендигин тастыктоочу, сүрөттүү документ)
• түстүү 1 сүрөт 3 х 4 см (ак фон)
• БААУнун кабыл алуу сынагынын акысы 1000 кыргыз сому (же АКШнын 15 доллары)

ӨТӨ МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!

• Кабыл алуу сынагына ар бир талапкер жеке катталышы керек
• Кабыл алуу бөлүмү ар бир тест жазуучуну жеке ырастоосу керек
• Ар бир тапшыруучу катталуу формасын толтуруп, 3 х 4 см көлөмүндөгү 1 сүрөт тапшыруусу керек
• Ар бир тапшырууучу сынактын каттоо номерин алат

• Кабыл алуу сынагына каттоо аны өткөрүү мөөнөтүнөнөн 3 күн мурун же, орундар толгон болсо, андан эрте аяктайт
• Сынак тапшырар күнү сынак тапшыруучулар жеке документтери менен гана кире алат (тестке паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен келүү керек)

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028