ЧИЙ: САЛТТУУ БИЛИМДИН САКЧЫЛАРЫ
ЧИЙ: МУРАСТЫ САКТАП КЕЛГЕН АДАМДАР
PREF 2026–27 долбоорунун алкагындагы баяндар
«Чий согуу: искусство, экология жана маданий мурастын кесилишинде»
Автору: Чолпон Кускакбаева
Чий бул жөн гана өсүмдүк же салттуу кол өнөрчүлүк эмес. Ар бир токулган чийдин, көшөгөнүн же паннонун артында көп жылдык тажрыйба, үй-бүлөлүк эс-тутум жана биргелешкен эмгек аркылуу сакталып келген билим бар.
Мен Ысык-Көл жана Нарын облустарын кыдырып, чий тууралуу билимди дагы эле эсинде сактап, колдонуп, үйрөтүп жана жаңыча улантып келе жаткан адамдар менен жолуктум.
Бул — алардын айрым окуялары.


-photoaidcom-cropped.jpg)





