НУРБЕК ЖОЛБУНОВ
Нарын шаары
Нурбек Жолбунов - чийди өз алдынча көркөм тил катары колдонгон сүрөтчү. Анын паннолорунда салттуу чий кадимки оймо-чийменин чегинен чыгып, образга, кыймылга, тереңдикке жана окуяга айланат.
Анын чыгармаларында атчан баатыр, түлөө салты, ата-бабалардын эстелиги, жаратылыш жана адамдын жер менен болгон байланышы чагылдырылат. Чий, кийиз, жүн жана башка салттуу материалдар заманбап көркөм чыгарманын бөлүгүнө айланат.
Бул долбоор үчүн Нурбек ага менен жолугушуу маанилүү ачылыш болду: чий өткөндү гана сактабастан, жаңы окуяларды айтып, заманбап искусстводо жашоосун уланта алат.