БААУ/ АКАДЕМИКАЛЫК САБАКТАР/ Академиялык Бөлүмдөр/ Мектептер/ Коомдук илимдер бөлүмү/ "Антропология жана Эл аралык өнүгүү" департаменти/ Жетишкендиктер/ ЧИЙ: САЛТТУУ БИЛИМДИН САКЧЫЛАРЫ/ Шарипа Молдобаева

ШАРИПА МОЛДОБАЕВА

 

 87,  Ат-Башы айылы, Нарын облусу

Шарипа апанын жашоосунда чий менен сайма дайыма катар жүргөн жана үй-бүлөнүн, күнүмдүк эмгектин жана эс-тутумдун бир бөлүгү болуп келген. Ал чий жасап, сайма сайып, ошол эмгектери аркылуу үй-бүлөсү үчүн маанилүү болгон нерселерди сактап келген.

Шарипа апа ар бир баласына өзүнчө сайма арнаган. Ошол эмгектердин бири бүгүн бул жерде - кызы Үмүткө арналган саймасы. Анын эмгектеринде кол өнөрчүлүк үй-бүлөлүк эстеликке айланып, муундан муунга өтүп жашай берет.