БААУ/ АКАДЕМИКАЛЫК САБАКТАР/ Академиялык Бөлүмдөр/ Мектептер/ Коомдук илимдер бөлүмү/ "Антропология жана Эл аралык өнүгүү" департаменти/ Жетишкендиктер/ ЧИЙ: САЛТТУУ БИЛИМДИН САКЧЫЛАРЫ/ Шакен Мамбетаипова

ШАКЕН МАМБЕТАИПОВА

 

Кыргызстандагы профессионалдык чий панно өнөрүнүн башатында турган сүрөтчүлөрдүн бири, Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, 1971-жылдан СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Ал салттуу чий өнөрүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, аны оймо-чиймеден образ, сюжет жана кыймыл бере алган өз алдынча көркөм тилге айланткан.

Бул PREF долбоордун башаты да анын «Төө жетелеген кыз» панносу менен байланыштуу. Бул чыгарма менин бала кезимден эсимде калган. Көп жылдардан кийин дал ошол кызыгуу мени чийге изилдөөчү катары кайра алып келди.

Бул изилдөөдө мага сүрөтчүнүн кызы Жыргал өзгөчө жардам берип, апасынын чыгармачылыгы жана эскерүүлөрү менен бөлүштү. Шакен эженин мурасын Жыргал менен бирге балдары Дамира, Шайгул жана Жыргалбек да аяр сактап келишет.