БААУга кош келиңиз!

Бул жерде көп улуттуу студенттер менен тажрыйбалуу окутуучулар

жаркын келечекти биргелешип курушат.

Борбордук Азиядагы Америкалык университети

1993-жылы негизделген БААУ Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн келечектеги лидерлерди тарбиялайт. Борбор Азиядагы Америкалык университет - бул америкалык либералдык искусство салтындагы эл аралык, көп тармактуу билим берүү жамааты. БААУ - Борбор Азиядагы либералдык искусстволор багытындагы окуу программалары боюнча АКШда аккредитациядан өткөн дипломдорду сунуштаган биринчи университет болуп саналат, бул АКШдагы Бард колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.


"Мен үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетин ушул маанилүү учурда жетектөө мүмкүнчүлүгү чоң сыймык. БААУ академиялык эркиндикти жайылтат жана ар түрдүү жашоо тажрыйбасы бар адамдарга жана ар кандай дүйнө таанымдарга ээ студенттерге биргелешкен аянтча сунуштайт, аларды өмүр бою билим алуу, жалпы жыргалчылыкка кызмат кылуу жана келечек муундардын бакубат жашоосу үчүн туруктуу өнүгүүгө умтулуу бириктирет. Алдыңкы айларда жана жылдарда университеттин мыкты окутуучулары жана кызматкерлери менен иштешүүнү, ошондой эле студенттер менен тыгыз байланышта болууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн."

AUCA HIGHLIGHTS

AUCAGRAPHIA’26: драйв, ылдамдык жана командалык дух

Драйв, адреналин, ылдамдык, жаркын таасирлер – мунун баары AUCAGRAPHIA’26! 11 команда, 11 станция. Тапшырмаларды ким баарынан тез аткарып, бардык жумурткаларды чогулта алат?... Read More

БААУга кош келиңиздер!

Кечээ, 17-августта “Келечекке көпүрө” аттуу Багыт алуу программасы старт алды. Бул жылы университеттин коомчулугуна 511 биринчи курстун студенти кошулду. Программанын биринчи күнү жаңы студенттер үчүн адаттагыдай эле өзгөчө окуяга айланды: университет менен таанышуу, кызыктуу иш-чаралар жана салтанаттуу тосуп алуу аземи жаңы жашоодогу алгачкы кадамдарды жаркын жана унутулгус кылууга көмөктөшөт.... Read More

“Келечекке көпүрө” Багыт алуу программасы 2026

Биринчи курстун студенттерин окууга өтүшү менен куттуктайбыз! Сиздер абдан чоң эмгек жасадыңыздар, кабыл алуу сынактарын ийгиликтүү тапшырып, Кыргызстандын мыкты университетине окууга кирдиңиздер!... Read More

БААУнун Жаңы муун академиясы: Болочок студенттер үчүн даярдоо программасы

БААУда билим алууну кыялданасызбы, бирок, кабыл алуу сынактарында зарыл болгон упайларды чогулта алган жоксузбу? Же болочок кесибиңиз боюнча бир чечимге келе элексиз жана мектепти аяктагандан кийин кыска тыныгуу алдыңызбы? БААУнун Жаңы муун академиясы (ЖМА) бир жылды пайдалуу өткөрүп, университетке окууга тапшыруу үчүн даярданууга жардам берет.... Read More

БААУнун окутуучусунун изилдөөсү “Scientific Reports” журналына жарыяланды

2026-жылдын жылдын 20-июлунда «Scientific Reports» (Nature Portfolio басмаканасы) эл аралык илимий журналына Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) “Антропология” департаментинин деканы Аида Абдыканованын Батыш Мичиган университетинин (АКШ) жана Вена университетиний (Австрия) изилдөөчүлөрү менен биргеликте жазган макаласы жарык көрдү.... Read More

БААУ QS дүйнөлүк рейтингинде өз ордун бекемдеп, кайрадан Кыргызстандын мыкты жогорку окуу жайы аталды

Борбордук Азиядагы Америка университети QS World University Rankings 2027 тандоосу боюнча кайрадан эле мыкты ата мекендик университет деп табылды.... Read More