AMANAT SCHOLARSHIP — ОКУУ АКЫСЫН 100% КАМСЫЗДАГАН МАГИСТРАТУРАДА ОКУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ
5 ноября 2026

Борбор Азиядагы Америка университети (БААУ / AUCA) экономика багытындагы магистрдик программага (M.Sc. in Economics) тапшырууну каалаган кыргызстандык бир студент кыз үчүн толук стипендия алууга сынак жарыялайт.
Бул экономика тармагында сапаттуу билим алуу, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана БААУнун академиялык коомчулугунун бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү.
• Программа: M.Sc. in Economics
• Университет: Борбор Азиядагы Америка университети (American University of Central Asia – AUCA)
• Стипендия: Эки академиялык жыл бою окуу акысын 100% камсыздоо
• Кимдер үчүн: Кыргызстандык бир студент кыз
• Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 5-декабры
Amanat Scholarship стипендиясына кантип арыз берсе болот?
1. БААУнун магистратурасына тапшыруу үчүн онлайн-арызды толтуруңуз: apply.auca.kg/apply
2. Мотивациялык катта Amanat Scholarship стипендиясына талапкер болгуңуз келерин көрсөтүңүз.
3. Анкетада каржылык колдоого (Financial Aid) арыз берип жатканыңызды белгилеңиз.
Тандоо критерийлери: негизги критерий – академиялык жетишүүсү. Ошондой эле талапкерлердин жетишкендиктери жана лидерлик сапаттары эске алынат.
Эгер сиз экономика тармагында билимиңизди улантууну пландап жатсаңыз, бул мүмкүнчүлүк сиздин кийинки кадамыңыз болуп калышы мүмкүн!
• Программа тууралуу кененирээк: auca.kg/en/economics_master/
• Арыз берүү: apply.auca.kg/apply