БААУ / БААУ ЖӨНҮНДӨ / БААУ жаңылыктары

Келечектин билим берүүсү: Тимоти О’Коннордун окуучулар менен жолугушуусу

11 ноября 2026

Борбор Азиядагы Америка университетинин командасы Кант шаарындагы Чүй облустук китепканасына барды. Иш-сапардын алкагында БААУнун президенти Тимоти О’Коннордун Кант шаарынын жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мектеп окуучулары менен жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чара эки китепкананын – Чүй облустук китепканасынын жана БААУнун китепканасынын кызматташтыгынын алкагында уюштурулду.

Тимоти О’Коннор үчүн бул Канттагы китепканага болгон алгачкы сапар болду. Окуучулар менен жолугушуунун алдында китепкананын директору Тамила Сергеевна Каджиева ал үчүн экскурсия өткөрдү. Ал китепкананын тарыхы жана фонду тууралуу айтып берип, ар кандай залдар жана иш багыттары менен тааныштырды.

Белгилей кетчү нерсе, облустук китепкана жөн гана китеп окуп же үйгө басылма алып кетүүчү жай эмес. Канттагы китепкана – кичинекей балдардан тартып улгайган адамдарга чейин бардык курактагы жарандар үчүн баарлашуу жана билим алуу борбору. Бул жерде кичинекейлер үчүн өнүктүрүүчү сабактар, өспүрүмдөр жана бардык каалоочулар үчүн мейкерспейс, кыргыз тили, компьютердик сабаттуулук жана тикмечилик курстары иштейт. Америка бурчу жана орус борбору ийгиликтүү иш алып барууда, ал эми жакында түрк борбору да ачылды. Ушундай эле позитивдүү жана жылуу маанайда БААУнун президентинин окуучулар менен жолугушуусу өттү.

Жолугушууга Кант шаарынын жана жакынкы айылдардын мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары катышты. Тимоти О’Коннордун сүйлөгөн сөзүнүн жана бет ачарынын темасы “Борбор Азиядагы Америка университетинин келечектеги бүтүрүүчүсүнүн образын көрүү” болду.
Дүйнө тездик менен өзгөрүүдө жана бүгүнкү күндө беш-жети жылдан кийин кайсы кесиптер талап кылынарын алдын ала айтуу кыйын. Адистердин баамында, 2030-жылга чейин негизги кесиптик көндүмдөрдүн болжол менен 40% өзгөрөт. Бул билим берүү системасынын алдына маанилүү суроо коёт: университеттин бүтүрүүчүлөрү келечектеги эмгек рыногунун талаптарына даяр болушу үчүн эмнени жана кантип окутуу керек?

Профессор О’Коннор БААУнун өлкөдөгү башка окуу жайларынан эмнеси менен айырмаланарын, эркин искусство жана илимдер салты эмнени билдирерин, эл аралык тажрыйба билим берүү программаларына кандайча интеграцияланарын жана университет студенттерди кесиптик ишмердүүлүккө жана карьера курууга кантип даярдай турганын айтып берди.

Сөзүнүн соңунда БААУнун президенти төмөнкүлөрдү баса белгиледи: “Биздин милдет – БААУнун ар бир бүтүрүүчүсү университетти бекем кесиптик пайдубал, андан ары билим алуу жөндөмүнө болгон ишеним жана билимин адамдардын пайдасына жоопкерчилик менен колдонуу даярдыгы менен аяктап чыгышын камсыз кылуу. Башкача айтканда, биздин бүтүрүүчүлөр коомдун жыргалчылыгы үчүн кесиптик ийгиликке, тынымсыз жеке жана инсандар аралык өнүгүүгө, ошондой эле бактылуу жашоого даяр!”.

Бет ачардан кийин окуучулар БААУнун президентине суроолорун бере алышты. Аларды келечектеги адистикти кантип тандоо керектиги, хоббини кесипке айландыруунун мүмкүнчүлүктөрү, өмүр бою бир тармакта иштөө мүмкүнбү жана кесиптик ишмердүүлүктү өзгөртүү канчалык кыйын экендиги кызыктырды. Ошондой эле балдар университетке тапшыруу тууралуу сурашты. Жолугушуу аяктагандан кийин да көптөгөн окуучулар Тимоти О’Коннор менен жеке баарлашууну улантышты.

Иш-сапар Борбор Азиядагы Америка университети менен Чүй облустук китепканасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу менен аяктады. Мындан тышкары, “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин профессору Сыргак Кыдыралиев китепкананын фондуна математика боюнча окуу китептерин жана окуу куралдарын тапшырды.

 

 

<< Назад к списку