БААУ / БААУ ЖӨНҮНДӨ / БААУ жаңылыктары

БААУнун студенттери MBANKтагы тажрыйба арттыруу тууралуу айтып беришти

6 ноября 2026

28-октябрда Борбор Азиядагы Америка университетинде БААУнун Карьераны өнүктүрүү кеңсеси MBANK менен биргеликте уюштурган “MBANKтагы тажрыйба арттыруу ичинен караганда” аттуу жолугушуу болуп өттү. Университеттин студенттери кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү, банк тармагында иштөөнүн өзгөчөлүктөрү жана Кыргызстандын ири каржылык уюмдарынын биринде тажрыйба арттыруудан өтүү тажрыйбасы тууралуу маалымат алышты.

Иш-чарага БААУнун үч студенти – Дениз Асанакунова (LAS-SE 2027), Элита Туратбекова (BA 2027) жана Саадат Шаршембиева (ECO 2029), ошондой эле БААУнун Инновациялык колледжинин студенти Асема Султаналыева (2027) катышты. Биргелешкен бет ачарда алар MBANKта такшалмадан өтүү мүмкүнчүлүгүн кантип алышканын, кандай тапшырмалар менен иштешкенин жана кандай кесиптик көндүмдөргө ээ болушканын айтып беришти.

Катышуучулардын айтымында, такшалма алар күткөндөн алда канча мазмундуу өттү. Айрым бир тапшырмаларды аткаруунун ордуна студенттер жумуш процесстерине толук кандуу катышууга, өздөрүнүн идеяларын сунуштоого жана ар кандай бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен өз ара аракеттенишүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Алсак алар өнөктөштөр тууралуу маалыматтарды чогултуу жана системалаштыруу менен алектенип, жаңы MJunior сервисин өркүндөтүү жана ишке киргизүү стратегиясын даярдоого катышышты, ошондой эле маркетингдин жана бизнес-өнөктөштөр менен иштөөнү уюштуруунун өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.

Тажрыйба арттыруунун маанилүү натыйжаларынын бири – азыкты иштеп чыгуунун ар кандай баскычтарына: баштапкы идеядан тартып ишке киргизүүгө чейин катышуу болду. Студенттер практикалык көндүмдөрдү гана эмес, реалдуу бизнес-милдеттердин үстүндө иштөө кандайча куруларын, командалык өз ара аракеттенүү, жоопкерчилик жана чечимдерди сунуштоого даярдык канчалык маанилүү экенин көрүү мүмкүнчүлүгүн алышканын белгилешти.

Ошондой эле өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен БААУнун бүтүрүүчүсү (SOC 2011) жана MBANKтагы MJunior продуктусунун ээси (Product Owner) Женни Жеңиш кызы бөлүштү. Ал эки магистратураны, анын ичинде Колумбия университетиндеги окууну аяктап, билим берүү, коомдук жана эл аралык долбоорлор, ошондой эле инновациялар тармагында иш тажрыйба топтогон. Өзүнүн карьералык жолу тууралуу айтып жатып, Женни кесиптик өнүгүү дайыма эле алдын ала белгиленген план боюнча жүрө бербестигин белгиледи: жаңы мүмкүнчүлүктөргө ачык болуу жана өзүн ар кандай багыттарда сынап көрүүдөн коркпоо маанилүү.

Ал студенттерге кайрылып, иш берүүчүлөр тарабынан өзгөчө бааланган бир нече сапаттарды бөлүп көрсөттү: проактивдүүлүк, эмпатия, командада иштей билүү жана ар кандай кесиптик чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү. Анын айтымында, коюлган тапшырманы аткаруу менен гана чектелбестен, команданын жалпы максатын түшүнүү, өз алдынча чечимдерди издөө жана өз идеяларын сунуштоо маанилүү. Ал ошондой эле студенттерге кызыктуу вакансияларга кайрылууну кийинкиге калтырбоону, тажрыйба арттыруунун мүмкүнчүлүктөрүнө көз салып турууну жана практикалык тажрыйба топтоо үчүн университеттик долбоорлорду жана ыктыярчылыкты колдонууну сунуштады.
Жолугушуунун алкагында катышуучулар MBANKтын бизнес-кейсинин үстүндө да иштешти. Командалар реалдуу бизнес-тапшырманы алып, аны чечүүнүн варианттарын сунушташты. Жыйынтыгында жеңүүчү команда аныкталып, анын катышуучулары Женни Жеңиш кызынан белектерди алышты.

Жолугушуу студенттер менен кесиптик чөйрөнүн өкүлдөрүнүн ортосунда практикалык тажрыйба алмашуу аянтчасына айланды. Тажрыйба артыруучулардын баяндары жана БААУнун бүтүрүүчүсүнүн сунуштары катышуучуларга карьераны баштоо мүмкүнчүлүктөрү, иш берүүчүлөрдүн талаптары жана университеттик билимди реалдуу жумушта колдонууга жардам берген көндүмдөр тууралуу көбүрөөк билүүгө мүмкүндүк берди.

 

 

<< Назад к списку