БААУ / БААУ ЖӨНҮНДӨ / БААУ жаңылыктары

Чүй облусунун математика мугалимдери үчүн жаңы усулдук материалдар

12 ноября 2026

БААУнун командасынын Чүй облустук китепканасына болгон иш-сапарынын алкагындагы дагы бир маанилүү иш-чара – Кант шаарынын жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун орто мектептеринин математика мугалимдери үчүн өткөрүлгөн усулдук сабак болду. Аны “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин профессору Сыргак Кыдыралиев өткөрдү.

Иш-чара Чүй облустук китепканасы менен БААУнун китепканасынын кызматташтыгынын алкагында уюштурулду.

Лекциянын темасы математикалык маселелерди чыгарууда симметрияны колдонууга арналды. Математика тарыхындагы, белгилүү маселелердеги жана күнүмдүк турмуштагы мисалдардын негизинде профессор симметрия принциптерин колдонуу кыйла жөнөкөй жана көрсөтмөлүү чечимдерди табууга кандайча жардам берерин көрсөттү. Атап айтканда, катышуучулар арифметикалык прогрессияларга жана квадраттык теңдемелерге байланыштуу маселелерди чыгаруунун ар кандай ыкмалары, ошондой эле геометрияда симметрияны колдонуу мисалдары менен таанышышты. Лекциядан кийин мугалимдер суроолорун берип, сунушталган материалдарды талкуулай алышты.
“ЖАНДУУ МАТЕМАТИКА: Симметрияны колдонуу” бет ачары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаркуль Урдалетованын жана БААУнун улук окутуучулары Елена Бурова менен Канайым Кыдыралиеванын катышуусунда даярдалган.

Мындан тышкары, Сыргак Капарович жогорку окуу жайлардын студенттерине жана жогорку класстын окуучуларына арналган, орус жана кыргыз тилдеринде жарык көргөн “Жандуу математикасы” окуу куралын тааныштырды. Сабактын катышуучулары бул жана башка окуу куралдарынын нускаларын акысыз алышып, аларды өздөрүнүн окутуу ишмердүүлүгүндө колдоно мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Мындай усулдук сабактарды өткөрүү борбор калаадан сырткары жайгашкан мектептердин педагогдору үчүн өзгөчө маанилүү, анткени аларда квалификацияны жогорулатуу иш-чараларына катышууга жана жаңы окуу материалдары менен таанышууга дайыма эле мүмкүнчүлүк боло бербейт. Мындай жолугушуулар мугалимдердин заманбап методикалык ресурстарга жана математиканы окутуунун жаңы ыкмаларына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жардам берет.

Жолугушуунун соңунда профессор Кыдыралиев Чүй облустук китепканасынын фондуна математика боюнча окуу китептерин жана окуу куралдарын тапшырды.

<< Назад к списку