БААУнун окутуу программалары
22 июля 2026

БААУ - Борбордук Азиядагы гуманитардык илимдер чөйрөсүндө америкалык билим берүү системасы боюнча окуткан алгачкы университет. Окуу программалары АКШда Bard College менен түзүлгөн өнөктөштүк келишимдин негизинде аккредитациядан өткөн. Бүтүрүүчүлөр эки диплом алышат: кыргыз мамлекеттик үлгүдөгү диплом жана АКШда аккредитацияланган диплом.
Окутуу англис тилинде жүргүзүлөт жана америкалык насыя сааттар системасы колдонулат. Окутуучулар курамы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген, магистр жана илимдин доктору даражаларына ээ болгон 200дөн ашык жогорку квалификациялуу, англис тилдүү профессорлордон жана окутуучулардан турат. Академиялык окуу программасы бакалавриаттын 13 жана магистратуранын 7 адистиги боюнча жүргүзүлөт.
Бакалавриат:
- “Антропология, технология жана Эл аралык өнүктүрүү”
- «Бизнес-башкаруу»
- “Журналистика жана массалык байланыштар”
- “Кино, телевидение жана медиа искусстволор”
- "Эл аралык салыштырма саясат"
- “Эл аралык жана бизнес укук”
- "Колдонмо математика жана информатика"
- “Программалык камсыздоо”
- “Психология”
- “Эркин искусстволор жана илимдер”
- “Социология”
- “Экономика”
- “Экологиялык туруктуулук жана климатология”
Магистратура:
- “Борбордук Азияны иликтөө”
- “Бизнести башкаруу” (МВА)
- “Колдонмо психология”
- “Юриспруденция”
- “Экономика”
- “Антропология, урбанизм жана Эл аралык өнүктүрүү”
- “Педагогика”
Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча кайрылыңыз:
+996 770 00 41 13 (WhatsApp)
admissions@auca.kg
https://t.me/AdmissionsAUCA