Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Бакалавриат

/ /

Бакалавриат

 

Антропология, технология жана Эл аралык өнүктүрүү


Эмне себептен мен ушул факультетти тандашым керек?

Биз 3 уникалдуу дисциплинага негизделген БААУнун инновациялык жана баарын кучагына алган бакалаврдык программаларынын бирин сунуштайбыз: антропология, технология жана Эл аралык өнүктүрүү. Аталган программа боюнча даражага ээ болуу сиздин жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүңүздү кеңейтет, заманбап коом тууралуу татаал теориялар менен тааныштырат. Мындан тышкары БААУнун эң бир күчтүү профессордук курамынын жетекчилиги астында бир катар кесипкөйлүк ыкмаларды тартуулап, инновациялар менен алектенүү, жаратуу, саякаттоо, тажрыйба арттыруу, академиялык жана кесипкөйлүк чөйрөгө сүңгүп, ар тараптан өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн берет. 

 

Бул жерде эмнелерди үйрөтөт?

Все студенты пройдут набор базовых курсов из трех основных областей, но индивидуально, у каждого будет возможность выбора между тремя специализациями.

Бардык студенттер үч негизги тармактын базалык курстарынын топтомун өтүшөт жана ошол эле учурда ар бир студентте үч адистиктин ичинен бирин тандоо мүмкүнчүлүгү болот.

  1. Антропология жана археология - өзүнө маданий, тилдик, социалдык, диний, саясий жана экономикалык ченемдерди камтыган адамдардын жашоосуна бүтүн көз караш менен кароого таянган илимдин кенен тармактарынын бири. 
  2. Технология - маданият, коом жана технологиялардын ортосундагы татаал мамилелерди изилдейт. Силер адамдар ойлоп тапкан жана пайдаланган нерселерге маданият кандай таасир тийгизерин, кантип технология көптөгөн маданий жана социалдык тажрыйбалар менен салттарды өзгөртүп салышы мүмкүн экендигин иликтейсиңер. Мындан тышкары силер тандооңорго ылайык, БААУнун башка департаменттеринин техникалык сабактарынын циклин өтөсүңөр.
  3. Эл аралык өнүктүрүү - Эл аралык өнүктүрүү чөйрөсү жана антропологдордун өнүктүрүү боюнча адис катары кандай маанилүү роль ойногондугу тууралуу билесиңер. Биздин профессордук курам силерди өнүктүрүүгө болгон дисциплиналар аралык ыкма менен тааныштырат; студенттер экономикалык жана коомдук өнүктүрүү, экологиялык туруктуулук, башкаруу, өнүктүрүүдөгү гендер жана өнүктүрүү тармагындагы башка көптөгөн аспектилерди иликтешет.

Окутуунун жыйынтыгында эмнелерге ээ болом?

Программаны аяктагандан кийин адамдардын социалдык-маданий турмушунун дээрлик бардык аспектилерин камтыган чөйрөлөрдө базалык билимдерге жана изилдөөчүлүк, аналитикалык жана кесипкөйлүк ыкмалардын толук кандуу топтомуна ээ болосуз. Сиз маданий сезимтал жана социалдык жактан негизделген инновациялык технологиялык азыктарды жарата алган жана алардын маркетингине чыгармачылык жактан мамиле жасаган адис болуп чыгасыз. Сиз Эл аралык өнүктүрүү чөйрөсүндө билимдерди алып, өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен иштөөнүн практикалык ыкмаларын өздөштүрөсүз.

Мен кайда иштей алам?

Тандалган адистикке жараша сиз антропологдорду жана компьютердик технологиялар боюнча чыгармачыл адистерди жалдаган компаниялардын, институттардын жана уюмдардын кенен спектринде иштей аласыз. Ошондой эле өнүктүрүү боюнча тмнк жергиликтүү жана Эл аралык уюмдарда да эмгектене аласыз: Бүткүл дүнөлүк банк, БУУ, GIZ, Mercy Corps, Сорос Фонду жана АРИС. Мындан тышкары силерде билим алууну магистр жана PhD даражаларында ар кандай академиялык жана кесипкөйлүк багыттарда улантуу мүмкүнчулүгү болот.

 

Диплом

Программанын бүтүрүүчүлөрү эки диплом алышат:

  • “Антропология, технология жана Эл аралык өнүктүрүү” даражасы бар АКШда аккредитацияланган Бард Колледждин дипломун 
  • “Антропология, технология жана Эл аралык өнүктүрүү” даражасы бар жана төмөнкү адистиктердин бири көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Билим министрлигинин допломун:
    • Антропология жана археология
    • Технология 
    • Эл аралык өнүктүрүү

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028