Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -

Антропология, урбанизм жана Эл аралык өнүктүрүүдөгү магистратура 

Эмне себептен ушул факультеттин тандашым керек?

Биздин магистрдик программа студенттерге төмөнкү уникалдуу тармактардын биринде өркүндөтүлгөн академиялык жана кесипкөйлүк карьерага жолду сунуштайт: антропология, урбанизм жана Эл аралык өнүктүрүү. Аталган программа боюнча алынган даражалар сиздин жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүңүздү кеңейтет, заманбап коом тууралуу татаал теориялар менен тааныштырат. Мындан тышкары БААУнун эң бир күчтүү профессордук курамынын жетекчилиги астында бир катар кесипкөйлүк ыкмаларды тартуулап, инновациялар менен алектенүү, жаратуу, саякаттоо, тажрыйба арттыруу, академиялык жана кесипкөйлүк чөйрөгө сүңгүп, ар тараптан өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн берет. 

Бул жерде эмнелерди окутушат?

Бардык студенттер үч негизги тармактын базалык курстарынын топтомун өтүшөт жана ошол эле учурда ар бир студентте үч адистиктин ичинен бирин тандоо мүмкүнчүлүгү болот.

  1. Антропология жана археология - өзүнө маданий, тилдик, социалдык, диний, саясий жана экономикалык ченемдерди камтыган адамдардын ар тараптуу жашоосуна бүтүн көз караш менен кароого таянган илимдин кенен тармактарынын бири. Биз антропология жана археология, тил, этникалык тиешелүүлүк, тарых, дин, туугандык, экономика, саясат, миграция, ааламдашуу жана башкалар боюнча теория менен ыкмалардын курстарын сунуштайбыз.


  2. Урбанизм - мегаполистер менен шаарлардагы адамдардын жашоо-турмушун иликтейт. Негизги көңүл адамдардын шаардык чөйрө менен өз-ара аракеттенишүүсүнө бурулат. Бул дисциплиналар аралык программа силерге шаардык пландоо, шаардык дизайн, архитектура жана шаардык антропология, социология жана психология боюнча курстардын чоң тизмесин сунуштайт. Биз урбанизмдеги теориялык негиздерди алууга жана шаардык саясатты аныктоочу шаардык администратор жана куруучулар колдонгон практикалык кесипкөйлүк ыкмалардын топтомун өнүктүрүүгө жардам беребиз.


  3. Эл аралык өнүктүрүү  - өлкөлөр менен коомчулуктар заманбап ааламдык контекстте кантип өнүгүп жатканын иликтеген дисциплиналар аралык кенен тармак болуп саналат. Силер өнүктүрүү боюнча Эл аралык уюмдардын сектору жана ушул тармактагы адис катары антропологдордун маанилүү ролу тууралуу билесиңер. Биздин көп профилдүү профессордук курамыбыз силерди өнүктүрүүгө болгон дисциплиналар аралык ыкма менен тааныштырат; студенттер экономикалык жана коомдук өнүктүрүү, экологиялык туруктуулук, башкаруу, өнүктүрүүдөгү гендер жана өнүктүрүү тармагындагы башка көптөгөн аспектилерди иликтешет.

Окутуунун жыйынтыгында эмнелерге ээ болом?

Программаны аяктагандан кийин адамдардын социалдык-маданий турмушунун дээрлик бардык аспектилерин камтыган чөйрөлөрдө базалык билимдерге жана изилдөөчүлүк, аналитикалык жана кесипкөйлүк ыкмалардын толук кандуу топтомуна ээ болосуз. Сиз шаардык чөйрөнүн бардык көйгөйлөрүн толук түшүнгөн жана спецификалык шаардык көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштей алган адис болуп чыгасыз. Сиз Эл аралык өнүктүрүү чөйрөсүндө билимдерди алып, өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен иштөөнүн практикалык ыкмаларына өздөштүрөсүз.

Мен кайда иштей алам?

Тандалган адистикке жараша сиз антропологдорду жана компьютердик технологиялар боюнча чыгармачыл адистерди жалдаган компаниялардын, институттардын жана уюмдардын кенен спектринде иштей аласыз. Ошондой эле өнүктүрүү боюнча төмөнкү жергиликтүү жана Эл аралык уюмдарда да эмгектене аласыз: Бүткүл дүйнөлүк банк, БУУ, GIZ, Mercy Corps, Сорос Фонду жана АРИС. Мындан тышкары силерде билим алууну магистр жана PhD даражаларында ар кандай академиялык жана кесипкөйлүк багыттарда улантуу мүмкүнчүлүгү болот.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028