Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Студенттик гранттар

Студенттик гранттар

Студенттик саякат фонду БААУ студенттери үчүн 2002-2003 окуу жылында түзүлгөн. Студенттердин илимий максаттуу саякаттары алардын өздөрү жана Университеттин жамааты үчүн да интеллектуалдык жактан чоң пайда алып келет. Грантты ала турган студенттер саякаттын максаты, катыша турган конференциянын ылайыктуу убакыты (б.а. студент сабактан калбаш керек), студенттин окууга жетишкендиги жана башка тийиштүү критерийлерге жараша тандалат.  Грант албай калганынын эн негизги сбебтеринии бири бул "F" баасы.

Арыз берүү процедурасы жана грантты алуу үчүн коюлган талаптар

Кеминде 30 кредит-саат өлчөмүндө сабак алып бүткөн жана окуусунун акыркы семестринде болбогон күндүзгү бөлүмдөгү БААУ студенттери саякат грантына ээ боло алышат. Топтук арыздар жалпы арыздын маңызына жараша каралып чыгат, жана жеке арызга караганда артыкчылыкка ээ болот. Топтук арыздар иш-чараларда топтун мүчөлөрүнүн бардыгы катышуусун талап кылганда гана кабыл алынат. Бир жолу 100 АКШ долларынан ашык грантты алган талапкерлер бир окуу жылында экинчи жолу грант алуу үчүн арыз бере албайт.

Бардык талапкерлер интернет аркылуу Арыз формасын  толтуруп, жанына төмөндөгүлөрдү тиркеп бериши зарыл:

  1. Бардык расмий чакыруулар
  2. Окутуучунун/декандын сунуштама каты. Бул рекомендациялык кат ушул негизги проектке тиешелуу болушу керек жана ушул окуу жылында жазылышы керек.

Арыздар ар бир айдын 15 күнүнөн тартып каралат. Айдын 15 күнүнөн кийин берилген арыздар кийинки айда каралат. Арыз боюнча чечим алынгандан кийин талапкерлерге жыйынтыктар тууралуу, болжол менен эки жуманын ичинде (айдын 30 күнүндө) кабар берилет. Студенттер бул иш абдан олуттуу болгондугуна, жыйынтыктарды чыгаруу үчүн убакыт талап кылынгандыгына түшүнүү менен мамиле кылышы керек. Грантты алган бардык студенттер, саякаттан кийин төмөндөгүлөрдү аткарышат:

  1. Грант берүү комитетине аткарган иши жөнүндө рапорт тапшырат;
  2. БААУ Финансы кеңсесине толук финансылык отчёт тапшырат;
  3. Саякат грантынан калып калган акча каражаттарын толугу менен Финансы кеңсесине тапшырып берет;
  4. СИЖК талабы боюнча алынган тажрыйбаны бөлүшүүгө даяр болот.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028