Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - СИЖК

Студенттердин илимий жигердүүлүгү боюнча комитет (СИЖК)

 

Студенттердин илимий жигердүүлүгү боюнча комитет (СИЖК)

AРЫЗЫҢДЫ АЗЫР БЕР

СИЖК эмне иш кылат?

Студенттердин илимий жигердүүлүгү боюнча комитет (СИЖК) студенттер демилге кылып көтөргөн долбоорлорго, квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнө, студенттердин илимий изилдөө иштерине колдоо көрсөтөт.

СИЖК мүчөлөрү ким?

Бул Комитеттин 9 мүчөсү, анын ичинде студенттер жана профессордук-окутуучулук курамдын өкүлдөрү болот: 5 тандалган окутуучу; Окумуштуулар Кеңеши дайындаган 1, Комитетке мүчө окутуучулар тандаган 2.

  • Гөркем Атсунгур, Европа/Америка таануу департаментинин ага окутуучусу atsungur_g@auca.kg
  • Камиля Кадырова, Азыркы тилдер департаментинин ага окутуучусу: kamilyakk@gmail.com

СИЖК максаты эмне?

СИЖК Борбордук Азиядагы Америка университетинде окуган студенттердин илимий изилдөө жөндөмдүүлүктөрүн, билимин, жана жалпы эле дүйнө таанымын, акыл-эсин өрчүтүүнү МАКСАТ кылып койгон.  СИЖК студенттердин окумуштуулук тажрыйбасынын гуманитардык билим берүүнүн ажыратылбас бир бөлүгү катары маанилүү ордунун таанылышын, мындай илимий изилдөөлөргө негизделген окутуу студенттерди пландарын ишке ашырууга, көздөгөн максаттарына жетүүгө, кыялдарын орундатууга жакшыраак даярдай турганын билдирүүнү көздөйт.

СИЖК кандай иштерди жүргүзөт?

Жалпы жонунан алып караганда, СИЖК Борбордук Азиядагы Америка университетинде “илимий изилдөөгө негизделген окутуу” кыймылына дем берет, бакалавриатта окуган студенттерге “окумуштуу-студент” катары тажрыйба алуу үчүн пайда болгон көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетет жана студенттердин илимий изилдөөлөрдө жеткен ийгиликтерин таанытуу, билдирүү жана элге жеткиликтүү кылып берүү үчүн шарт түзүп берет. Тагыраак айтканда, Комитет студенттердин илимий изилдөө иштерине дем берүү үчүн негизделген Студенттик Илимий Фондду башкарат. Комитет грант арыздарын изилдеп, студенттердин жер жерлерге чыгып жүргүзчү жана архивдик изилдөөлөрүнө гранттарды бөлүп берет. Ошондой эле, Комитет студенттердин эл аралык конференцияларга, мастер-класстарга, маданий алмашуу программаларына жана илимий изилдөөлөргө байланыштуу иш-чараларга колдоо көрсөтүүчү Студенттик Саякат Фондун башкарат. Комитет мүчөлөрү жогоруда көрсөтүлгөн критерийлер жана процедуралардын алкагында Мыкты Дипломдук иш Сыйлыгы боюнча чечим чыгарат.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028