Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Практика

Практика

 

БААУнун “Психология” факультетинин практика өтүүдөгү саясаты практиканы

“кесипкөйлүк даражага чейинки тажрыйба катары аныктап, анда студенттер өз теориялык билимдерин аларды иш жүзүндө колдонуу менен кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат”. Университет студент-бакалаврлардын окууну аяктаганга чейин практика программасын өтүүсүн талап кылат. Мына ошондо алар өзүлөрүнүн болочок карьераларына жакшы даярдыкта болушат.

Максат

Практика - бул студенттерди болочок карьерага даярдоонун эффективдүү жолу. Практиканын негизги максаты студенттердин адистиги менен байланышкан, реалдуу жумуш абалында пайдасы тие турган практикалык ыкмаларды алуусун камсыздоо болуп саналат. Студент-психологдор андан-ары өз алдынча эмгектенүүсүндө зарыл болгон консультациялоо тармагындагы жана уюштуруучулук, педагогикалык жана изилдөөчүлүк ыкмаларын өнүктүрүүсү керек.

 

Практиканын түрлөрү

“Психология” адистиги боюнча билим алып жаткан студенттер практиканын эки түрүнүн талаптарын аткаруусу кажет:

  1. Практика I 
  2. Практика II

 

Практика өтүүнүн тартиптери

  1. Бардык студенттик практикалар студенттин тиешелүү академиялык кеңешчилеринин ички супервизиясынын алкагында өтөт. Практикадан өтүүнү баштап жаткан студенттер практика өтүү жайын өз алдынча аныктап, практика жөнүндө арыздын формасын 2 нускада толтуруусу абзел. Алардын бир нускасы бекитүү үчүн академиялык кеңешчиге берилет. Студенттер практика өтүү үчүн жерди табуу үчүн факультеттин практикасынын маалыматтар базасына кайрыла алышат, бирок алар өзүлөрүнүн жумушка орношуусун камсыздоого өзүлөрү жоопкерчиликтүү. Сиздин практика өтүү жайыңызды жана жумушка орношуңузду камсыздоону бекитүү үчүн сизди жумушка алуучу тышкы уюмга берилүүчү факультеттин рекомендациясын толтурууга туура келет. 
  2. Ар бир студенттин тышкы супервизиясы окумуштуу даражасына ээ тажрыйбалуу психолог тарабынан тышкы супервизордун бааларынын формасынын жардамы менен ишке ашырылат.

Ошондой эле студенттер практика өтүү учурунда практика өтүү жөнүндө отчетторун негиздөө үчүн практиканын күндөлүгүн толтуруусу кажет (практика өтүү жөнүндө отчетту жасоо боюнча колдонмону кара).

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028