Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - PR-кеңсесинин ички саясаты

PR-кеңсесинин ички саясаты

 

Коомчулук менен байланыштар кеңсесинин ички саясаты

Коомчулук менен байланыштар кеңсесинин ички саясаты

БААУ Коомчулук менен байланыштар кеңсесинин саясаты: 2014-жылдын 1-январынан баштап өз күчүнө кирген

Коомчулук менен байланыштар кеңсеси (мындан ары PR-кеңсе) Университеттин кадыр-баркына байланыштуу маалыматтык материалдарга көзөмөл жүргүзөт, ал боюнча керектүү чараларды колдонот, бүткүл дүйнө боюнча тышкы байланыштарын түзүү иштерин жөнгө салат.

БААУ студенттери жана кызматкерлеринин ишмердиги тууралуу Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө маалыматтар менен камсыздоо PR-кеңсенин негизги максаты болуп саналат. PR-кеңсенин иши Борбордук Азиядагы Америка университетинде окуган, иштеген жана иштерине катышкан кишилердин байланышын күчөтөт.

Бул саясат PR-кеңсе өз ишин кантип аткарып жаткандыгын түшүндүрүү үчүн иштелип чыккан.

Акыркы окуялар тууралуу маалымат таркатуу жана иш-чаралар жөнүндө жарыя берүү

  • Кеңсе тийиштүү жооптуу кишилердин көмөгү менен маанилүү темаларды, кишилерди, иш-чараларды белгилейт.
  • Кайсы бир бөлүм же айрым бир киши Университетке байланыштуу иш-чарасына/лекциясына/семинарына катышуубузду сурап, же бир басылманы басып чыгаруу үчүн бизге кайрылса, ошол ишке чейин бир жума мурун арыз формасын толтурушу керек. Арыз формасы бул жерде.
  • Арызга ылайык, репортаж БААУ сайтында жана социалдык тармактарда жарыяланат.
  • Ар бир департамент / клуб / кеңсе өз иш-чаралары жөнүндөгү маалыматтарды БААУ веб-баракчасында жайгаштыруу үчүн жоопкерчиликтүү. Эми ар бир департаментке кеңсе кызматкери аркылуу өз алдынча маалыматтарды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү берилген.
  • PR-кеңсе афиша жана жарнамалык билдирүүлөргө керектүү болгон логотип / дизайн-продукция менен камсыз кылат. PR-кеңсе көркөм каражаттарды өз алдынча иштеп чыгарууга жол берет, ошондой эле бөлүмдөрдүн каалоолоруна ылайык дизайнды иштеп чыгууда көмөк көрсөтө алат. Өтүнүч, бардык маселелер боюнча арыз формасын толтуруңуз. БААУ белгиси Corel Draw форматында баракчабызда бар: https://auca.kg/en/branding/.
  • Кызыктуу окуялар жана иш-чаралар жөнүндө жарыя берүү үчүн Facebook, Twitter, Instagram, LinkedIn, Google+, YouTube, жана БААУ сайты сыяктуу ресурстар колдонулат.

БААУ веб-баракчасы:

  • Ар бир департамент / кеңсе БААУ баракчасында жайгаштырылган өзүнө тиешелүү маалыматтын мазмунуна, анын ырастуулугуна жооптуу. Негизги маалыматтар англис, орус жана кыргыз тилинде даярдалышы зарыл. PR-кеңсе жазма материалдарды жарыялоого чейин даярдоодо көмөк көрсөтүп берет. Веб-дизайн жана стилди иштеп чыгуу боюнча башка суроолор жазуу түрүндө даярдалып, өтүнүп жаткан бөлүмдүн башчысы тарабынан кол коюлуп берилиши зарыл.

БААУ визит карталары:

  • PR-кеңсе ар бир айдын башында визит карталарын басып чыгарат. Ар бир бөлүмдүн башчысы визит карталар (100 даанадан көп эмес санда) менен камсыздалат. Эгерде профессордук-окутуучулук курамдын башка мүчөлөрүнө жана кызматкерлерге да визит карталары керек болсо, аларды басып чыгаруу чыгымдары тийиштүү бөлүмдүн бюджетинин, же талап кылган кишилердин өзүнүн эсебинен жабылат.
  • Орточо калыңдыктагы визит картанын баасы 4 сомду, калыңыраак 6 сомду түзөт.
  • Департаменттин атынан визит карталарын алуу үчүн арыздар жазуу түрүндө, Коомчулук менен байланыштар бөлүмүнүн мүдүрү Динара Орозбаеванын атына, департамент башчысынын колу менен берилиши керек. Жазуу түрүндөгү арыздарды PR-кеңсеге алып келүү керек, телефон же электрондук почта аркылуу арыздар кабыл алынбайт.

БААУ Журналы:

  • БААУ Журналы үч айда бир жолу (жайкы мезгилден тышкары) басылып чыгат. Мында БААУ коомчулугу ичинде болгон окуялар, Борбордук Азия чөлкөмүндө жана анын тышында БААУ студенттери, бүтүрүүчүлөрү, профессорлору, окутуучулары, кызматкерлери кылган иштери, кошкон салымдары жөнүндө кызыктуу маалыматтар басылат.
  • Өз макалаларын басууга бергиси келгендер башкы редактор Маркос Сиснерос (Marcos Cisneros) marcos.cisneros.22@gmail.com менен байланышып, кененирээк маалымат ала алышат. БААУ журналы февраль, май жана октябрь айларында чыгат. Макаланын өзгөчө тематикасы жана аны тапшыруу графиги боюнча маалыматтар журналдын басылышына чейин 2-3 ай мурун берилет.

Фото-видео материалдарга коюлган талаптар:

  • Борбордук Азиядагы Америка университетинин оң маанайдагы имиджин жаратуу үчүн PR-кеңсе видеоматериалдарды жайылтат. Видеоматериалдар БААУ расмий веб-баракчасында жана YouTube.com порталында жайгаштырыла алат. Ошондой эле, университетке байланыштуу иш-чараларды фотосүрөткө түшүрөт. Тартуулар керек болгондо, департаменттер иш-чаранын өткөрүлүшүнө чейин бир жума мурун кабар бериши зарыл.
  • Бардык фотоматериалдар БААУ архивинде, фотоальбомдорунда жана Facebook расмий баракчасында жайгаштырылат, ал жерлерде сүрөттөрдү жүктөө мүмкүн. Ошондой эле, USB-сактагычтарды алып келип, кеңседен көчүрүп кетсе болот.

Кат жиберүү

  • PR-кеңсе студенттердин, окутуучулардын жана кызматкерлердин атайын топтордун электрондук даректерине кат жиберет. Эгер белгиленген иш-чара жөнүндө жарыя берүү, же жарнама берүү керек болсо, департамент электрондук почта аркылуу арызын жазып, ага тийиштүү материалдарды тиркеп, катты pr@auca.kg дарегине жибериши керек. Материалдар иш-чаранын өткөрүлүшүнөн эки күн мурун, андан эрте да, кеч да эмес убакытта жиберүү зарыл.
  • БААУ жетишкендиктери жөнүндө маанилүү жаңылыктар Кыргызстандын бардык жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткирилет. PR-кеңсе маанилүү жаңылыктар жөнүндө жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирүү кылышы талап кылынса, департамент тийиштүү жаңылык материалын тиркеп, арызды pr@auca.kg дарегине жибериши керек.

Иш-чараларды өткөрүү:

  • PR-кеңсе конференция, конок лекциялары, тегерек стол, семинар жана чыгармачыл жарыштар сыяктуу иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү иштерин аткарат.
  • Департаментке кандайдыр бир иш-чараны өткөрүүдө жардам керек болсо,  orozbaevad@gmail.com аркылуу Динара Орозбаева менен байланышыңыз.

БААУ фирмалык продукциясы

  • БААУ белгилери өзгөчө конокторго, же чоң иш-чараларга катыша турган студенттерге гана берилет.
  • БААУ фирмалык продукциясын алуу үчүн, департамент башчысынын колу коюлган арыз формасын толтуруп тапшыруу зарыл. Арыз формаларын бул жерден алыңыз:  Анг/Рус.
  • Фирмалык продукцияга булар кирет: футболкалар, поло-футболкалар (I Love AUCA), кепкалар, билериктер, калемдер, дептерлер, блокноттор, туулар, баштыктар, БААУ Журналы, жон куржундар (рюкзактар).

 

PR-кеңсе стажёрлор, ыктыярчылар менен иштешүүгө абдан кубанычта болот. Кошумча маалымат үчүн Нуржан Кадыркулова менен байланышыңыз: kadyrkulova.n@gmail.com.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028