Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - КООМЧУЛУК ЖАНА ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШТАР КЕҢСЕСИ

КООМЧУЛУК ЖАНА ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШТАР КЕҢСЕСИ

Коомчулук менен байланыштар кеңсесинин кызматкерлери Университет ичинде профессионалдык байланышты камсыздоо максаты менен Университеттин кызматкерлеринин бардыгы менен тыгыз иштешет. Биз Университеттин кадыр-баркынын сакталышына жана өсүшүнө жоопкерчилик тартабыз. Корпоративдик дизайн, брэнддик продукция, реактивдүү PR-технологияларды колдонуу боюнча иш жүргүзүлөт.

Ошондой эле, биз жогорку окуу жайда билим алууга байланыштуу негизги маселелер боюнча билдирүүлөрдү алышып беришүү, байланыштарды түзүү маселелери боюнча иштерди жүргүзөбүз.

Негизги басылмалардын чыгышына көзөмөл жүргүзөбүз. Университеттин интернеттеги расмий баракчасы башкарылат жана социалдык тармактардагы университеттин маалыматтык демилгелери ишке ашырылат.

Басмакана, интернет, мультимедиялык материалдар үчүн керектүү дизайн маселелери боюнча кеңеш берилет, университет ичинде керектүү деңгээлде маалыматтык камсыздоо үчүн кесиптештер менен тыгыз иштешебиз.

Университеттин эн белгисинин жана башка маалыматтык материалдарынын колдонулушуна жоопкерчилик тартабыз.

 

КООМЧУЛУК МЕНЕН БАЙЛАНЫШТАР КЕҢСЕСИНИН ИЧКИ САЯСАТЫ

БРЭНДДИК ПРОДУКЦИЯ

PR-ФОРМАЛАР  

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028