Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Швейцариялык университет

Мыкты билим, цирк акробатикасы жана сыйкырдуу табият. БААУнун студенти Швейцариялык университеттеги семестр жөнүндө

Менин аты-жөнүм - Мээрим Дербишева. Учурда колдонмо геология институтунун 3-курсунун студентимин. 2018-жылдын жазында Цюрих колдонмо илимдер университети менен БААУнун ортосундагы эки тараптуу алмашуу программасына катыштым.

ZHAW - Цюрих кантонунда жайгашкан швейцариялык белгилүү университеттердин бири. Ага таандык ар бир институту төмөнкү 3 шаарда бир нече кампустарга ээ: Винтертур, Ваденсвилл жана Цюрих.

Менин институм Ваденсвиллде жайгашкан табигый ресурстар институту болду. Анын шаардын ар кандай тарабында жайгашкан 3 кампусу бар. Бул жерде мен бир нече билим берүү курстарынан өттүм: геомаалыматтык система (GIS); жаратылышты пайдалануунун негиздери (Nature Resource Management); колдонмо экология (Applied Ecology); суу, энергетика жана агынды суулар (Water, Energy & Wastewater); курчап турган айлана-чөйрөнүн анализи (Environmental Analysis), инженер-экологдор үчүн англис тили (өркүндөтүлгөн деңгээл), молекулярдык-биологиялык анализ жана колдонуу (Molecular Biological Analysis and Application), чет элдиктер үчүн немис тили. Ар бир курс тууралуу кенен маалымат окуу жайдын сайтында жеткиликтүү.

 

Жалпысынан ZHAW негизги көңүлдү колдонмо бөлүккө бургандыктан, лабораториялык жана практикалык иштер көп болду. Анын баары кызыктуу өттү. Лабораториялык иштер үчүн 100дөн ашуун лабораториялык кабинеттери бар ири кампус бөлүнгөн. Ал жактагы CRISPR Cas9 сыяктуу татаал хай-тек машиналарды көрүп алып абдан толкундандым. Талаа иштери жана сайтка баш багуу мага чоң тажрыйба тартуулады. Профессорлордун баары өз ишинин чеберлери жана өз тармактарында абдан чоң тажрыйбага ээ экен. Ар кандай көйгөйлөр жана түшүнбөстүктөр боюнча мага жардам берүүдө администрация бардык көмөгүн көрсөттү. Мен аларга бул үчүн абдан ыраазымын. 

 

ZHAW`тын башкы кампусу

Класстан тышкаркы ишмердүүлүккө келсек, Швейцарияда көп нерселер менен алектенүүгө мүмкүн. Сиз фестивалдарга же параддарга катыша аласыз. Менин жолум болуп, Швейцарияга сапарым фестивалдардын апталыгында туш келиптир. Ошондой фестивалдардын жаркындары Базель менен Люцернде өттү. Мындан тышкары Швейцарияда спорттун түрлөрү менен акысыз алектенүү мүмкүнчүлүгү бар. ASVZ  уюму ERASMUS  түйүнү менен биргеликте студенттерге жогоруда аталган мүмкүнчүлүктү тартуулап келет. Мисалы мен цирк акробатикасында өз күчүмдү сынап көрдүм. Арканда тең салмактуулугумду кармоо жана ээлөөнү үйрөндүм. Бул абдан көңүлдүү болду! Биз досторубуз менен бирге ар кандай “швейцариялык нерселерди” жасап көрдүк. Алсак, чогуу фондю даамын сыздык же болбосо айтылуу Альпы тоолорунда жыгач үйдө барбекю жасадык. 

 

 

Швейцария - биздин Кыргызстанга окшоштугу бар ар түрдүү ландшафттуу өлкө. Жашоочулары абдан сылык жана экологиялык жактан билимдүү, табиятты сыйлаган, келечек мууну үчүн өлкөсүн жакшы сактоого аракет жасаган адамдар. Балким менин жолум болгондур, бирок мен жолуккан швейцариялыктардын баары боорукер жана берешен көрүнүштү. Ошондой эле бул өлкөдө токойлор сыйкырдуу жана укмуштуудай атмосферага ээ экенин байкадым. Көлдөрү менен дарыялары абдан таза жана жердөөчүлөрүнө бай. 

 

Швейцария - 26 кантондон турган чакан өлкө (аянты Кыргызстандан кичине). Ар бир кантондун уникалдуу өзгөчөлүктөрү бар. Кызыктуу факт: Швейцария Европа Биримдигинин мүчөсү болуп эсептелбейт, анткени өлкөнүн жарандары өз көз карандысыздыгын жана автономиясы сактап калгысы келет. Бактыга жараша алар Шенген аймагынын бөлүгү болуп саналат. Негизи Швейцарияны 3 бөлүккө бөлсө болот: немис, француз жана итальян тилдүүлөргө. Швейцарияда алмашуу программассынын негизинде билим алуу учурунда саякатка чыгып, Берн, Женева, Люцерн, Базель, Цюрих сыяктуу ири шаарларда болууга жетиштим. Алардын ар бири менде чоң таасир калтырды. Алардын ар биринде бириктирүүчү швейцариялык духту байкоого болот. Баарынан да мага Люцерн шаары жакты, ал абдан кооз жана жандуу шаар. 

Швейцария - тез өнүгүп жаткан жана бай өлкөлөрдүн бири, андыктан сиз бул жерде жашоо абдан кымбат экенине даяр болушуңуз керек. Мен Цюрихтин борборунан 18 мүнөттүк аралыкта жайгашкан Ваденсвиллде жашадым. Алгач мен курсташтарым менен жалпы батирлерде күн кечирип жүрдүм. Алардын баары веган болгондуктан мени өз философиясы жана ашканасына көндүрүштү. Бул мен үчүн абдан кызыктуу болду. Биз жакын досторго айландык жана көчүп кеткенден кийин да алар менен байланышты үзгөн жокмун. Калган 4,5 айда мен кабыл алуучу үй-бүлөдө жашадым. Алар мээримдүү жана кызыктуу адамдар эле. Өзгөчө мен жашага үйдүн кожойкеси берешен аялзаты болуп чыкты. Биз чогуу тамак жасачубуз жана бири-бирибиздин маданияттарыбыз жөнүндө айтып берчүбүз. Үй-бүлөлүк майрамдарды да чогуу тосуп калдык. Кошуналар да жакшы адамдар болуп чыгып, бат эле тил табышып кеттик. Кебимдин аягында Швейцария абдан кооз өлкө жана аны өз жашооңдо жок дегенде бир жолу көрүүгө татыктуу экенин айткым келет. ZHAW - колдонмо жана практикалык тармактарга адистешкен компетенттүү университет. Бул программаны мен Колдонмо геология эмес, а Экологиялык менеджмент жана туруктуу бекем өнүгүү факультеттери үчүн сунуштайм. Эгер сиз жашоо-тиричилик минимумду көтөрө алсаңыз жана каржы жагы маселе жаратпаса, анда сиз Швейцарияга сапар алып эч качан өкүнбөйсүз деп кепилдик бере алам! 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028