Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Ачылыш

Ачылыш

 

1991-жылы борбор азиялык өлкөлөр өз көз карандысыздыктарын жарыялап баштаган кезде аймак этияттык менен эркин рыноктор жана демократиянын тез өзгөрүүчү ааламына
кадам жасап баштайт. Жаңы муундун жетекчилиги ачык коомдун кызыкчылыгы үчүн экономикалык ресурстарды, маалыматтарды жана инсандын эркиндигин колдонуунун
жаңы мүмкүнчүлүктөрүн сунуштап баштаган. Өзгөрүүлөрдүн мындай толкуну билим берүү системасында жаңы идеялар менен коштолгон.


1993-жылдын жазында Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин факультеттеринин биринде жаңы типтеги университетти түптөө идеясы жаралган.  Чынында ошол мезгил
эски советтик инфраструктурага мүнөздүү болгон паракорчулук жок жаңы университетти ачууну талап кыла баштаган. Окутуучулардын арасында Британияда жашап келген жана
батыштык билим берүү кандай экенинен кабары бар англис тили мугалими жок эмес эле. Камила Шаршекееванын энергия менен демилгелерге толуп ташкан убагы. 1993-жылы
күзүндө БААУнун негиздөөчүсү Камила Шаршекеева мына ошол идеяны ишке ашыра баштаган. БААУ 10 жыл ичинде аймактагы эң абройлуу окуу жайга айланган. Бирок
башында ийгиликти алдын-ала божомолдоо кыйынга турган, анктени 1993-жылы КМУУнун Кыргыз-Америкалык факультетине 40тан ашуун гана студент окууга
тапшырган. Башында декандык милдетти Камила айым өзү аркалаган.


Берилген секциядан сиз университеттин түптөлүшү жана анын 20 жылдык тарыхы тууралуу кыска видеоролик жана сүрөт материалдардын жардамы аркылуу толук маалымат ала аласыз.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028