БААУ ЖӨНҮНДӨ

БААУ ЖӨНҮНДӨ

 

1993-жылы түптөлгөн БААУ Борбордук Азиядагы демократиялык кайра куруулар үчүн
болочок лидерлерди тарбиялап келет. Борбордук Азиядагы Америкалык университети
гуманитардык илимдер тармагында америкалык билим берүүнүн мыкты салттарындагы Эл
аралык, мультидисциплинардык коомчулук болуп эсептелет. БААУ - бул АКШнын
гуманитардык илимдер тармагында Бард колледж менен өнөктөштүк аркылуу АКШда
аккредитацияланган даражаларды ыйгарган Борбордук Азиядагы биринчи университет. Бард
колледжи менен катар БААУ бүткүл дүйнө жүзү боюнча көптөгөн башка университеттер жана
уюмдар менен кызматташат.

Борбордук Азиядагы Америкалык университети - эркин гуманитардык илимдердин
америкалык салттарында курулган Эл аралык көп дисциплинардык коомчулук.
Университеттин окутуу программалары өзүнө даярдоо программасын (Жаңы муун
академиясы), бакалаврларды даярдап чыгаруучу он эки программаларды жана эки магистрдик
программаны камтыйт. Адистерди даярдоонун жогорку деңгээлине жетүү менен БААУ өзүн
ачып көрсөтүү, изилдөөлөргө сын көз-карашта мамиле жасоо жана академиялык чынчылдык
принциптерин карманат.

БААУ - өз бүтүрүүчүлөрүнө АКШдагы Бард Университети (Bard College) менен өнөктөштүк
программанын негизинде АКШда аккредитацияланган университеттин дипломун тартуулаган
биринчи университет. Бард Университети менен өнөктөштүк мамиледен тышкары БААУ
дүйнө жүзү боюнча бир катар университеттер жана уюмдар менен өнөктөштүк
программаларга катышып келет.

БААУ студенттердин жана окутуучулардын арасында таза чынчыл окуу жайы аброю менен
өзгөчө сыймыктанат. Университет ири гранттардын ишке ашырылуусу менен сакталуусун
камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык механизмдерине ээ. Алсак, биз муну бир нече жолу
тастыктаганбыз. Мисал катары буга чейинки Ачык коом институту, ЮСАИД жана Меллон
Фондунан алынган жана 2010-жылы ЮСАИДден алынган 5 миллион доллар өлчөмүндөгү
гранттарды айта алабыз.

БААУ ошондой эле Тянь-Шань аналитикалык борборунун жана Борбордук Азияны иликтөө
боюнча Институттун иши менен сыймыктанат. Алар Ачык коом институту, Сорос Фонду, Ага
Хан фонду, ЮСАИД, ЮНИСЕФ, ДФИД жана башка уюмдар менен көптөгөн изилдөөлөргө
өнөктөш катары катышкан. 

БААУнун ийгилиги ачык көрүнүп турат: 2500 бүтүрүүчүбүз Гарвард, Йель, Индиана
Университети, Сорбонна жана Борбордук-Европалык университети өңдүү окуу жайларда
билим алуусун улантып жатышат. Мындан тышкары биздин бүтүрүүчүлөр дүйнө жүзү
боюнча төмөнкү абройлуу компаниялар менен уюмдарда эмгектенип келишет: BBC, Citibank,
Cisco Systems, Deloitte&Touche, Google, IBM, USAID, Бүткүл дүйнөлүк банк жана башкалар. 

БААУ муну менен чектелип калбайт. Андан аркы жаңыланууларды, кызматташуу
мүмкүнчүлүктөрүн жана өсүп-өнүгүүнү издөөдө келечекке ишеним менен карайт. 2015-
жылдан тарта биздин студенттер жаңы заманбап экологиялык имаратта (БААУнун жашыл
долбоору) окуп башташат.

БААУ жаңы чет элдик студенттердин географиясын кеңейтүүнүн үстүндө иштерди алып
барууда жана студенттердин керектөөлөрүнө жараша жаңы долбоорлорду иштеп чыгууда.
БААУ Борбордук Азияны иликтөө боюнча магистрдик программаларды жана Бизнести
Башкаруу (MBA) программасын баштады. Ошондой эле Кошумча билим берүү борборунун
алкагында жаңы курстарды ишке киргизди: жарандык тарбия жана аскерлерди кайра даярдоо.
2012-жылы биздин студенттер үчүн заманбап ыңгайлуулуктары менен БААУнун жаңы
жатаканасы өз эшигин ачты.

БААУ Борбордук Азиянын студенттерин жыйырма жыл бою кабыл алып келди жана биз өз
жашоосун жакшы тарапка өзгөртүүнү каалаган жаштар үчүн мыкты билим берүүнү уланта
бермекчибиз.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028