Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -

LL.M. PROGRAM

 

Эл аралык бизнес укук” факультетинде сунушталган сапаттуу билим жана мүмкүнчүлүктөр - бул магистрант ээ болуучу нерселердин баары эмес.

Анастасия Рукавичникова

 

Саламатсызбы! Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз жана эмне себептен БААУда билим алууну чечтиңиз?

Менин аты-жөнүм - Анастасия Рукавичникова. Менин юриспруденциядагы тажрыйбам 20 жылга жакын мөөнөттү түзөт. Көбүнчө укуктун корпоративдик, каржылык жана инвестициялык тармактарында эмгектендим. Эмне себептен БААУда билим алууну чечкеним тууралуу айтсам, эң оболу бул менин өз алдымча өнүгүүгө болгон умтулуум. Атаандаштыкка жөндөмдүү болуу үчүн тынымсыз билим алуу жана тандалып алынган багытта өнүгүү зарыл. Суроо-талапка ээ адис болуу үчүн мезгилден артта калбоо керек. Менин өз алдымча өнүгүүгө умтулуум магистратурага тапшыруума түрткү болду. Эки жыл мурда мен БААУнун юриспруденция боюнча магистратурасы көздөгөн максаттарга жетүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк деп чечкем. Магистратураны аяктагандан кийин менин үмүтүм толугу менен акталды деп айта алам.
Мындан тышкары окууга тапшырып жатып академиялык англис тилин жакшыртуу мүмкүнчүлүгү да мени өзүнө тартты. Анткени программада окутуу англис тилинде өткөрүлөт. Эки жылдын аралыгында бардык лекциялар, үй тапшырмалары, адабият - баары англис тилинде өтүлдү. Андыктан программанын бүтүрүүчүлөрүнүн баары өз англис тилдеринин деңгээлин бир топ жакшыртышты. Окуу жылынын башында дипломдук ишти англис тилинде жазуу аткарылгыс нерседей туюлса да, акыры аны англис тилинде жаздык.

 

Сизге БААУда билим алуу учурунда баарынан да эмнелер жакты?

Эң оболу билим алуунун таптакыр жаңы системасына күбө болдум. Окутуунун кылдат даярдалган методикасы, материалды жеткирүү ыкмалары эффективдүү жыйынтыктарды берет. Окутуу системасы студенттердин ар дайым окутуу процессине аралашкандай таризде түзүлгөн: топтордо иштөө, бет ачарларды даярдоо, адистердин лекциялары жана башка көптөгөн ыкмалар студенттерге программанын материалдарын оңой кабыл алуу жана сиңирүүгө жардам берет.
Белгилей кетчү нерсе, БААУда ар бир студенттин жана магистранттын пикири эске алынат, ар бир билим алуучуга өз оюн билдирүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Менимче, өз оюңду билдирүү жана өз позицияңды жактоо - бул өтө маанилүү, өзгөчө юристтер үчүн.


Университетте профессордук-окутуучулук курам абдан күчтүү. Жергиликтүү профессорлордон тышкары БААУ чет элдик ЖОЖдор менен кызматташат. Мындай кызматташуунун натыйжасында чет элдик тажрыйбалуу профессорлор лекцияларды окуу үчүн чакырылып, студенттерге Европалык жана Америкалык укуктун билимдерин берип, бай тажрыйбасы менен бөлүшөт, сабактарды жандуу жана кызыктуу өтүшөт.
Лекциялар университеттин китепканасы берген кенен маалыматтык ресурстар менен бекемделет. Университет студенттер үчүн адабияттарды жана чет элдик авторлордун изилдөөлөрүн иликтөө үчүн кенен мүмкүнчүлүктөрдү берген чет элдик булактарга жазылган.
БААУнун студенттеринин алдында Эл аралык сынактар менен программаларга катышуу мүмкүнчүлүктөрү ачылат. Мисал катары АКШдагы алмашуу программалары үчүн университеттерди же “moot court” деп аталган оюндук процесстердин сынактарын айта алабыз. Алардын алкагында студенттер башка ЖОЖдордун билим алуучулары менен билим жактан таймашуу жана соттор жана юристтер менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 2019-жылдын декабрь айында БААУнун студенттеринин командасы жаңжалдарды чечүү боюнча ЕАЭБдин Эл аралык сынагына катышып, 22 команданын ичинен 4-орунду ээлеген. Мен аталган сынакка катышкам. Мен үчүн ал чечендик, командада иштөө жана албетте Эл аралык укук тармагында билимдерди тереңдетүү жактан абдан пайдалуу тажрыйба болгон.


БААУ ар кандай программаларды сунуштап, алардын жардамы менен студенттер магистратураны АКШ менен Европанын университеттеринде аяктай алышат. Окууну аяктагандан кийин КРнын мамлекеттик үлгүсүндөгү жана чет элдик университеттин дипломун алышат. Менин назарымда бул эмгек рыногунда магистрант-бүтүрүүчулөрдүн артыкчылыгы болуп саналат.


“Эл аралык бизнес укук” факультетинде сунушталган сапаттуу билим жана мүмкүнчүлүктөр - бул магистрант ээ болуучу нерселердин баары эмес. БААУга тапшыруу менен ал чоң ынтымактуу үй-бүлөгө кошулат. Университеттеги атмосфера абдан позитивдүү жана жылуу. Бардык окутуучулар жолугушуу жана талкуулар үчүн ачык. Ал эми студенттердин тобунун ар кандай курстардан туруусу студенттерди жакындатат. Эки жылдык билим алуунун мезгилинде мен көптөгөн досторду таптым, кызыктуу адамдар менен тааныштым. Бүтүрүүчү сынактарды тапшыргандан кийин альма-матерди таштап кетүү оор болгон.

 

Окутуунун жыйынтыгында Сиз БААУнун юриспруденция боюнча магистратурасында окууну сунуштайт белеңиз?

Жеке тажрыйба жана билимиме таянуу менен БААУнун юриспруденция боюнча магистратурасында окууну бир добуштан сунуштамакмын. Каалаган университетти бакалавриаттын базасында аяктагандан кийин тапшырууга мүмкүн. БААУнун юриспруденция боюнча магистратурасын аяктагандан кийин андан-ары билим алууну улантуу жана карьералык өсүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр ачылат.

 

Магистратурага тапшырып жаткандарга кеңешиңиз?

Мен БААУнун юриспруденция боюнча магистратурасына окууга тапшыруу абдан татаал деп эсептеген адамдарды жолуктургам. Ошондуктан алар аны жасап көрүүгө да бел байлаган эмес. Менин айтарым, мүмкүн эмес нерсенин өзү жок, негизгиси - бул умтулуу жана аракет. Сиз ээ болгон билим менен тажрыйба, тапкан досторуңуз сиз менен түбөлүккө калат. Өз кебимдин соңунда айтарым, мен сиздерге ийгилик каалайм жана мен сиздерге суктанып жатам. Анткени силерди алдыда Борбордук Азиянын Америкалык университетинде унутулгус 2 жылдык магистратура күтүүдө.

 

Биздин бүтүрүүчүлөр кайда иштешет?

Мен БААУнун юриспруденция боюнча магистратурасына окууга тапшыруу абдан татаал деп эсептеген адамдарды жолуктургам. Ошондуктан алар аны жасап көрүүгө да бел байлаган эмес. Менин айтарым, мүмкүн эмес нерсенин өзү жок, негизгиси - бул умтулуу жана аракет. Сиз ээ болгон билим менен тажрыйба, тапкан досторуңуз сиз менен түбөлүккө калат. Өз кебимдин соңунда айтарым, мен сиздерге ийгилик каалайм жана мен сиздерге суктанып жатам. Анткени силерди алдыда Борбордук Азиянын Америкалык университетинде унутулгус 2 жылдык магистратура күтүүдө.
Биздин бүтүрүүчүлөр кайда иштешет?


Биздин бүтүрүүчүлөр эмгек рыногунда абдан чоң суроо-талапка ээ деп сыймыктануу менен айта алабыз! Алар төмөнкү маанилүү мамлекеттик, жеке жана Эл аралык мекеме жана уюмдарда эмгектенип келишет:
Өкмөттүк уюмдар:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыштар министрлиги
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппараты
Эл аралык уюмдар:
БУУ
Европалык экономикалык комиссия, Швейцария
БУУнун качкындар иши боюнча Жогорку комиссары
Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд Арабиясы
Эл аралык жазык соту, Гаага, Нидерланды
Кызыл Жарым ай улуттук коому
Адам укугунун Норвегиялык борбору, ICLHR демилгеси
USAID
Америкалык юристтер ассоциациясынын укуктун улуктугу Программасы (ABA / ROLI)
Сорос Фонду
ACCELS
Эл аралык ишкерлик кеңеш
Коммерциялык эмес укуктун Эл аралык борбору

Жеке компаниялар:
“Kalikova & Ассошиэйтс” юридикалык фирмасы
“Адилет” юридикалык клиникасы
“Консультант” юридикалык фирмасы
“Лоренц” Эл аралык юридикалык фирмасы
“Джон Тайлер жана Өнөктөштөр” юридикалык фирмасы
“Grata” юридикалык фирмасы
“King & Spalding LLP” юридикалык фирмасы
“Centil Law”
Delloitte
“PricewaterhouseCoopers”
“KG Экспорт”
“Реемтсма GmbH”
Митсубиси корпорациясы, Россия Федерациясы
“Азиялык инфраструктуралык инвестициялар банкы”
“Газпром” компаниясы
“Кыргыз Инвестициялык Насыялык Банкы”
“Демир Банк”
“Сарыяз” тоо-кен өндүрүү компаниясы
“Медиа Полиси институту”
Борбордук Азиядагы Америка университети
Кыргыз-Түрк “Манас” университети
“Джон Хаксли” компаниясы, Россия Федерациясы
“Транс мониторинг Азия” компаниясы
“Аудит Консалтинг” компаниясы
“Кыргызстан аба жолдору” компаниясы
“C.A.T.” компаниясы
“NRG Consulting” компаниясы

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028