Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Медер Акенеев

Медер Акенеев

Медер Акенеев, БААУнун IBL программасынын (2016), Борбордук-Европалык университетинин магистрдик программасынын (2017) бүтүрүүчүсү, Эл аралык “GRATA” юридикалык фирмасынын юристи.

БААУнун IBL программасынын бүтүрүүчүсү катары мен программага сапаттуу билим берүүсү жана түзүп берген мүмкүнчүлуктөрү үчүн терең ыраазымын

Медер Акенеев

 

БААУну аяктагандан кийин эмне менен алектендиңиз?

БААУда акыркы курста окуп жатканда мени Борбордук-Европалык университеттин Эл аралык бизнес-укук боюнча LL.M. программасына кабыл алышты. Мен окутуу баасын, турак-жайымды, медициналык камсыздандыруумду жана кошумча жеке чыгымдарымды камсыздаган стипендияга да ээ болдум. Магистратурадагы билим берүү менин үмүтүмдү актады. Мен Будапешттер укмуштуудай 1 жыл өткөрүп, кызыктуу адамдар менен тааныштым жана Европа боюнча саякаттоого жетиштим. Акыры 2017-жылы LL.M. программасын ийгиликтүү аяктадым. Мунун баары көбүн эсе БААУнун жардамы менен мүмкүн болду. Жогорку жетишкендиктер, колдоо жана окутуучулардын сунуштамалары, ошондой эле университеттин туруктуу Эл аралык аброю менин ири магистрдик программага окууга өтүшүмө жана эч бир тажрыйбамдын жок болгондугуна карабастан, стипендия алышыма түрткү болду. Ошону менен катар БААУда алган билимдерим магистрдик программаны аяктоомо жардам берип, ал жерде мен Европа, Америка жана Азиянын башка университеттеринен келген группалаштарымдан кем эмес экениме ынандым.

 

Эмне себептен болочок студенттер БААУнун IBL программасына окууга тапшыруусу кажет? 

Буга негизги себеп деп көп сандаган мыкты мүмкүнчүлүктөрдү айта алам. Студенттер сапаттуу юридикалык билим алышат. Алар оюндук соттук процесстердин эң белгилүү сынактарына катышып, курсташтары менен Вена, Вашингтон, Сингапур жана башка жайларга бара алышат. Студенттер алмашуу программаларына катышып, бир семестр чет өлкөлөрдө окуп келишет жана программанын алкагында юридикалык клиникада иштөө менен адамдардын кандайдыр-бир көйгөйлөрүн чечүүгө жардам бере алышат. Программа бүтүрүүчүлөргө дүйнөнүн магистрдик программаларында билим алуусун улантуу же юридикалык фирмаларда, Эл аралык уюмдарда жана ири корпорациялардын юридикалык бөлүмдөрүндө иштөө мүмкүнчулүктөрүн ачып берет. Болгону мындай мүмкүнчүлуктөрдөн пайдаланып калуу гана калат.

 

Учурда кайда эмгектенесиз жана кандай милдеттерди аркалайсыз?

Окууну аяктар замат “GRATA” Эл аралык юридикалык фирмасынын бишкектик кеңсесинде иштөө сунушу түшкөн. Бул аймактагы ири юридикалык фирмалардын бири болуп, дүйнөнүн 19 өлкөсүндө кеңселери жайгашкан. Бул компания тууралуу мен алгач БААУда 2-курста окуп жатканда уккам. Ошондо мен окуу программасынын милдеттүү талаптарын аткаруу үчүн тажрыйбадан өтүү мүмкүнчүлүгүн издеп жаткам. Жыйынтыгында мен 3 айлык практикадан өтүп, команда менен жакындан тааныштым жана юридикалык консалтинг жөнүндө түшүнүк алгам. Анан албетте өзүмдү жакшы тараптан да көрсөтттүм десем аша чапкандык болбос, буга арадан 3 жыл өтүп иштөө сунушун алганым далил.
Биздин компания юридикалык консалтинг жана КРдагы чет элдик жана Эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүн коштоо менен алектенет. 15 жылдан бери жергиликтүү рынокто каржы, корпоративдик жана коммерциялык өзгөрүүлөр тармагында алдыңкы орундарды ээлеп келебиз. Компаниянын кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү Европа, Россия жана АКШнын алдыңкы магистрдик программаларынын бүтүрүүчүлөрү болуп саналат. Кубандырганы кызматкерлердин жарымы - БААУнун IBL программасынын бүтүрүүчүлөрү.
Бүгүнкү күндө менин практикам өзүнө каржылык жана корпоративдик укукту, ошондой эле банк жана инфраструктуралык тармактардагы биригүү жана кошуп алууларды камтыйт. Менин ишмердүүлүгүмдүн негизги багыттарынын бири алдыңкы европалык фонддорду жана Эл аралык каржы институттарын, банктарды трансчегаралык каржылоо, микрокаржылык компаниялар жана КРдагы ири өндүрүштүк мекемелерге байланышкан маселелер боюнча консультациялоо болуп саналат. Мындан тышкары мен КРнын сертификацияланган патенттик ишенимдүү адамымын.

 

 

БААУда алган билимдер менен ыкмалар карьераңызда пайдасы тийип жатабы?

БААУнун IBL программасында окуган мезгилде алган билимдер менен ыкмалар мага талашсыз түрдө аспирантурада окуп жаткан кезде жана күнүмдүк жумушумда жардам берди. Окутуу программасы академиялык эркиндиктер жана чынчылдык принциптерин карманат. Бардык изилдөөлөрдүн негизинде сын көз-карашта ойлонуу жатат. Менин оюмча бул көрүнүш университетке бүтүрүүчүлөрдүн карьерасында гана эмес, ошондой эле жалпы жашоосуна да жардам берген баалуулуктардын топтомун даярдоого мүмкүнчүлүк берет.


Конкреттүү IBL программасына токтолсок, мен 3 негизги элементти бөлүп көрсөткүм келет. Биринчиден, бул салыштырма ыкма. Анын негизинде студенттер жергиликтүү укук гана эмес, ошондой эле чет элдик мамлекеттердин укуктук системалары тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул мага магистратурада окуп жүргөндө жана учурда чет элдик укуктун ар кандай маселелерине кабылып жаткан күнүмдүк жумушумда абдан жардам берүүдө.
Экинчиден, мен сабактарды тандоо жана жеке жүгүртмө түзүү мүмкүнчүлүгүн белгилеп кетким келет. Ошондой эле өлкөнүн алдыңкы юристтери окуткан уникалдуу сабактардын кенен спектри да чоң мааниге ээ. Мындай адистешкен билимдерди КРнын башка ЖОЖдорунда алууга болорун ишенимдүү түрдө айта албайм. Демек, бул программанын бүтүрүүчүлөрүнүн эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бир кыйла жогорулатат.
Үчүнчүдөн, бул юридикалык англис тилин үйрөнүү жөндөмү. Англис тилин билем деп көбү айтышы мүмкүн, бирок англис тилинде юридикалык ишти сапатту аркалоону аз сандагылары гана ишке ашырал алышат. IBL программасынын бүтүрүүчүлөрү юридикалык англис тилин мыкты деңгээлде билишет.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028