Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Мээрим Качкынбаева

Мээрим Качкынбаева

 

БААУнун IBL программасы мага фундаменталдык билимдерди жана практикалык ыкмаларды алууга жардам берди жана алардын жардамы менен мен бүгүнкү күндө юрист болдум. 

Мээрим Качкынбаева

Саламатсызбы? Өзүңүз жана IBL программасын аяктагандан кийинки тажрыйбаңыз жөнүндө айтып берсеңиз?

Мэрим: Менин аты-жөнүм - Качкынбаева Мээрим. БААУнун IBL программасын аяктагандан кийин 2009-жылы Кыргызстандагы эң таанымал юридикалык клиникалардын бири “Kalikova & Ассошиэйтс” компаниясында эмгектене баштадым. Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүнө кызыгуум жана аталган фирманын негиздөөчүсү Гульнара Каликованын колдоосу менен БУУнун Европалык экономикалык комиссиясында тажрыйба арттыруу үчүн Женевага көчүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Менин тажрыйба арттыруум башында 6 айга пландаштырылса да, 2,5 жылга созулду. Анткени тажрыйба арттыруудан кийин мен БУУнун ЕЭКсынан консультант болуп иштөө сунушун алдым.

Ал учурда Эл аралык уюмдарда карьера жасап, Эл аралык эмгек рыногунда атаандашуу жөндөмүнө ээ болууну түшүнүп жеткем. Бул үчүн жок дегенде магистр даражасы керек болчу. Менин Колумбия университетине тапшыруу тандоом окуу жайдын Нью-Йоркто (ар дайым көргүм жана жашагым келчү) жайгашкандыгы менен байланыштуу. Себеби ал жакта мыкты юрист болуп эмгектенген профессорлор сабак өтчү. Ошентип бул бизнес жана рахатты айкалыштырган идеалдуу чечим болгон. Чынында америкалык юридикалык мектепте окугандык каалаган штатта адвокаттын сынагын тапшырууга болот дегенди билдирген. Мындан тышкары Колумбия юридика мектеби жалпы LL.M программасын сунуштап, бул студенттерге өз адистигине көнүлүн жыйноону же укуктун кошумча тармактарын иликтөө менен жаңы тармакка өтүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздачу.

 

Укуктун кайсы тармагында адистешүүнү чечтиңиз?

Мээрим: Мен акыры жүрүп отуруп укуктун башка тармагына өтүп кеттим. Кыргызстанда коммерциялык жана ишкерлик укук менен алектенип, Эл аралык каржылык келишимдер жана долбоорлорду каржылоого кызыксам да, мени Эл аралык жалпы элдик укук тартып кетти. Колумбия юридика мектебин аяктагандан кийин 2011-жылы мага Лондондогу Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын кенже юристинин кызматын сунушташты. Мен ал жакта уюмдун институционалдык маселелеринин үстүндө иштеп баштадым. Укуктун бул тармагы юристтерден уюмду башкаруу, мүчөлүк, артыкчылыктар жана иммунитеттер, ведомстволор арасында кызматташуу, ресурстарды жыйноо, мекемелердин ички базалык системаларын иштеп чыгуу жана чечмелөөгө байланышкан кызматтарды көрсөтүүнү талап кылат. ЕРӨБдан кеткенден кийин менде Женевада Кызыл крест жана Кызыл жарым ай коомдорунун Эл аралык федерациясынын укуктук маселелер боюнча башкармалыгында жана Конгдодо (Түштүк Корея) Жашыл климатикалык фонддо иштөө мүмкүнчүлүгү пайда болду. Учурда мен штаб-квартирасы Пекинде жайгашкан Азиялык инфраструктуралык инвестициялар банкынын укуктук маселелер боюнча башкармалыгында юридикалык консультант болуп эмгектенип келем.

 

Сиздин оюңузча БААУнун IBL программасынын сиздин өнүгүүңүздө ролу канчалык?

Мээрим: БААУнун IBL программасы мага учурдагы юрист болушума мүмкүнчүлүк түзүп берген фундаменталдык билимдер менен практикалык ыкмаларды алууга жардам берди. Мен IBL программасынын окутуучуларына жогорку профессионализми, мага таштаган интеллектуалдык чакырыгы, кыялданууга шыктандырганы жана максаттарга жетүү үчүн конкреттүү кадамдарды таштоого түрткү болгондугу үчүн ыраазымын. 

 

 

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028