Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Студент алмашуу программасы

Студент алмашуу программасы

 

Барддагы студенттердин алмашуу программалары
БААУнун студенттери үчүн Бард Колледжде билим алуу мүмкүнчүлүгү

 

Эл аралык билим берүү тармагындагы программа Бард Колледждин Эл аралык билим берүү тармагындагы программасы (PIE) АКШнын Нью-Йорк штатындагы Аннандейл-на-Гудзоне шаарындагы кампусуна өзүнүн Эл аралык өнөктөштөрүнүн студенттерин бир семестр окутууга кабыл алат.


PIE стипендиясы турак-жай, камсыздандыруу, SEVIS үчүн взнос жана окуу куралдарынын бир бөлүгүнө кеткен чыгымдарды көтөрөт.

Окуунун акысы
Студенттер БААУда билим алуунун акысын төлөөнү улантышат. Виза, авиабилеттер жана күнүмдүк чыгымдарды студент өз эсебинен төлөйт.

Насыялар
Бард Колледжде студенттер 4 семестрге (16 насыя) катталышат. Программага документ тапшыруудан мурда студенттер Бард ала турган сабактары БААУнун бакалавр даражасын алуу үчүн жалпы насыяларынын эсебине киреби же жокпу тактап коюусу кажет.

  • Критерийлер:

1. Талапкерлер Бардда окуп баштаган учурда 3-курстун студенттери болуусу кажет. Программа 2-курстун студенттери үчүн төмөнкү багыттар боюнча ачык:

  • Антропология
  • Колдонмо геология
  • Колдонмо математика жана информатика
  • Экономика
  • Европа таануу
  • Эл аралык жана салыштырма саясат таануу
  • Журналистика жана массалык байланыштар
  • Эркин искусстволор жана илимдер
  • Психология
  • Социология
  • Программалык камсыздоону иштеп чыгуу
  • Телевидение, кино жана сүрөттөөчү искусстволор

2. GPA 3.0 жана андан өйдө;
3. SIDP долбоорлоруна катышуу, БУУнун үлгүсү же дебатттарда - артыкчылык.

 

Өтүнмө берүү
Сынакка катышуу үчүн студеттердин онлайн өтүнмө толтуруусу зарыл. Бирок учурда ал жабык. Шилтеме кабыл алуу башталганда жеткиликтүү болот.

 

Маалымат үчүн:

1) BGIA: Кызыкдар талапкерлерге Барддын Нью-Йорктогу Ааламдашуу жана Эл аралык мамилелер программасы боюнча окутуу вариантын карап көрүүнү сунуштайбыз. BGIA дүйнө жүзү боюнча студенттердин баарына Эл аралык укук, Эл аралык мамилелердин теориясы, глобалдык коомдук саламаттыкты сактоо, саясий экономика, Эл аралык отчеттуулук жана Эл аралык мамилелердин башка аспектилери боюнча иликтөө жана практика менен алектенүү уникалдуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.
BGIA Эл аралык мамилелердеги курстук иштерди бириктирип, ММК, каржы, Эл аралык башкаруу, адам укуктары жана ошондой эле билим берүү компаниялар менен уюмдарда тажрыйба арттыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берет. BGIA программаларына кызыкдар студенттер муну PIE программасынын өтүнмөсүндө белгилеп кое алышат.
2) Программага катышуу боюнча талапкерлерди Бард Колледж түздөн-түз тандап алат. Сынактын жыйынтыгы жарыялангандан кийин тандалып алынган студенттер маанилүү формалар жана мөөнөттөр боюнча кошумча көрсөтмөлөрдү алышат. Электрондук катка убагында берилбеген/кечиктирилген жооптор студенттин талапкерлигинин кайра чакырылышына алып келиши мүмкүн.
3) Англис тилин билүүсүн сынаган тест: Студенттер англис тили боюнча тесттин кандай өтүүсү тууралуу кенен маалыматтарды электрондук кат аркылуу алышат. Студенттер почтасын күн сайын текшерип туруусу керек.


Эгер Сизде катышууга өтүнмө берүү боюнча суроолор жаралса, анда аларды pie@bard.edu дарегине узатыңыз. Каттын көчүрмөсүн anyakim16@gmail.com, nazgul.koilubaeva@gmail.com даректерин белгилеп, жөнөтүп коюңуз.
Бард Колледж тууралуу кенен маалымат алуу үчүн шилтеме: http://www.bard.edu/.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028