Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - “The New Star” гезити

“The New Star” гезити

Эки айда бир чыккан Борбордук Азиядагы Америка университетинин “The New Star” студенттик гезити БААУ коомчулугу үчүн маанилүү жаңылыктар, иш-чаралар, студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер жөнүндө кылдат жазган басылма болуп саналат. Гезит ошондой эле студенттердин жазуучулук жана акындык өнөрлөрүн окурмандардын сынына көрсөтүп берет.

Тарыхы.  “The New Star” гезитинин биринчи басылмасы 1999-жылдын 24-ноябрында жарык көрүп, мурда анын аты “The Star” болгон. Гезит өзүнүн он жылдыгын 2009-жылы белгилеген. Ефим Филиппов, Аниса Афшар, Татьяна Кравченко, Лазарина Кучменова, Натали Анарбаева, Наргиза Рыскулова, Диана Такутдинова жана Элина Туралыева гезиттин ишине эң чоң салым кошкон, эң активдүү координаторлор болушкан.

Сыйлыктары. "The New Star" гезити “Эң мыкты студенттик гезит-2008”, Кыргызстандын журналисттер ассоциациясынын премиясына татыктуу болгон.

 15-жылдык

   

13-октябрь, 1999 – эң биринчи басылма “AUK Student Newspaper (КАУ студенттик гезити) деп аталган.

24-ноябрь, 1999 - “The Star” гезитинин биринчи расмий басылмасы жарык көргөн. “The Star” биздин гезиттин биринчи аты: БААУ студенти Зульфия Абдуллаева гезитке ат ыйгаруу конкурсун жеңип алган.
2006 – Чарчы тилкелер мамычасы (Boxes column) түзүлгөн, мында студенттер айткысы келген ойлорун жаздыра алышат.

2007-2008 – Коштошуу мамычасы (Farewell Kiss) ачылган, ал БААУ бүтүрүүчүлөрүнө арналган. Чарчы тилкелер сыяктуу жыл өткөн сайын бул мамыча окурмандардын сүйүүсүн жоготпой келет.

2008 – “The Star” гезитинин аталышы “New Starаталышына өзгөрөт. “New Star” көз карандысыз студенттик гезитке айланат жана Укук Министрлигинде расмий түрдө каттоодон өтөт. 2008-жылы Кыргызстан Журналисттер Ассоциациясы “New Star” гезитине “Эң мыкты студенттик гезит” сыйлыгын ыйгарат.

2013 – гезиттин азыркы редакциясы Facebook баракчасын ачкан.

5-февраль, 2014 – “New Star” гезити “The New Starаталышын алып, жаңы дизайн жана стилге ээ болот.

   

2014 –Twitter баракчасы, a YouTube каналы (бул жылы видеоматериалдар менен иштеген мыкты топко ээ болдук), Issuu.com баракчасы (интернетте окуу үчүн), Чарчылар тилкеси үчүн Ask.fm баракчасы (Браво фойесиндеги суроолор кутучасын биздин студенттер бузуп салышкан), жана Google баракчасы студенттик коомчулук менен тыгызыраак баарлашуу үчүн ачылган.

Биз БААУ жетекчилиги же Студенттик Кеңеш үчүн иштебейбиз; биз демократия идеяларын колдогон өзүбүздүн материалдарыбызды эркин түрдө ачыкка жарыялайбыз. Кээде гезит БААУ ичинде реформалардын жүргүзүлүшүнө себепкер болгон, анткени университеттин жетекчилиги студенттердин ой-пикирлери жана проблемалары жөнүндө кабардар болуу үчүн гезитти окуйт. Биз ачык сүйлөп, жаза алган жана муну иш жүзүндө ашыра алган студенттерди кызматташууга чакырабыз. Өзүңөрдүн демократиялык укуктарыңарды колдонуудан коркпогула. Силердин сөз эркиндигине укугуңар бар.

 

 

 

15 жылдыгың куттуу болсун, “The New Star”!

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028