Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - “Stream” сынагы

“Stream” сынагы

БААУ жыл сайын Кыргызстандын жогорку класстарынын окуучулары жана жалпы эле жаштарынын арасында “Stream” таланттар сынагын жарыялайт. Кыргыз Республикасынын 22 жашка чейинки жарандарынын баары сынакка өз талапкерлигин төмөнкү номинациялар боюнча көрсөтө алышат: вокал, бий жана оригиналдуу жанр. Байгелүү үч орунду ээлеген жеңүүчүлөр окутуунун баасынын 100% өлчөмүндө сыйлыкка ээ болушат. Кененирээк Жободон билип алсаңыз болот.

Жобону көчүрүпа алуу  (PDF).

 

Кыргызстандын жогорку класстарынын окуучулары жана орто билим тууралуу аттестатка
ээ 22 жашка чейинки жаштарынын арасында БААУда билим алу үчүн стипендия алууга
мүмкүнчүлук берчү жыл сайын өтчү жаш таланттардын вокалдык-артистикалык “Stream”

сынагын өткөрүү жөнүндө

Жобо

Борбордук Азиядагы Америкалык университети Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте жогорку класстын окуучулары менен Кыргызстандын жаштары арасында салтка айланган жаш таланттардын артистикалык сынагын өткөрөт. 


Өтүү датасы:

 1-тур – 2023-жылдын 16-январынан 23-январына чейин 
 2-тур – 2023-жылдын 30-январында
 3-тур (Финал) - 2023-жылдын 14-февралында

1-турдун жыйынтыгында 2-турга өткөн катышуучуларга 23-25-январь күндөрү
электрондук дареги аркылуу маалымдама келет. 


Өтүү жайы:
 1-тур – онлайн
 2инчи жана 3-тур - БААУнун жаңы имараты, Жыйындар залы (№440)

 

1. Жалпы жоболору
 Иш-чара чыгармачылык жактан таланттуу жаштарды аныктоо жана колдоо максатын көздөйт. Ошондой эле БААУга окууга өткөн шартта университеттин окуудан тышкаркы ишмердүүлүгүнүн алкагында сахналык таланттарын өркүндөтүүнү милдет кылган. Алсак музыкалык студенттик театрдын алкагында.
“Stream” сынагы окуу жайдын социалдык долбоорлорунун бири. Бул таланттуу бирок окуу акысын толук өлчөмдө төлөөгө шарты жок жаштар үчүн БААУда
билим алуу мүмкүнчүлүгү. 


 Жаш таланттардын вокалдык-артистикалык сынагы артистикалык жөндөмдүүлүктөргө ээ катышуучуларды бир нече баскычтын негизинде тандайт.
“Артистикалык жөндөмдүүлүктөргө” вокалдык, бий, оригиналдуу жанр жана сахналык өнөрдүн башка жанрлары таандык. 


 Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы БААУга сынак тууралуу маалыматтарды мектептерге жайылтуу жактан көмөк көрсөтөт. Сынакты уюштуруу жана өткөрүү үчүн жалпы жоопкерчиликти БААУнун Студенттердин окуудан тышкаркы ишмердүүлүгү боюнча кеңсеси өз моюнуна алган.


 Сынак жөнүндө маалымат БААУнун сайтында, Фэйсбукта (“AUCA students” баракчасы) жана Инстаграмда (@studlife_auca) жеткиликтүү


 Сынактын жеңүүчүлөрү менен финалчылары сертификаттар менен белгиленет. Алдыңкы 3 орундун ээлери стипендия алуу укугуна ээ болот.

 

2. Катышуучулар


 Сынакка КРнын жарандары катыша алат - КРнын мектептеринин 11-класстарынын гана окуучулары. Алар мектептен маалымдама жана жарандыгын тастыктаган документ алып келүүсү шарт.

 Сынакка жаш курагы 22ден ашпаган жалпы жарандык паспорт менен орто билими тууралуу аттестатка ээ КРнын жарандары катыша алат.

 Сынактын катышуучулары ага аталган Жободо көрсөтүлгөн эрежелерди так аткарууга макул болгон учурда гана катыша алышат.

 Сынактын катышуучусу сынакка бир жолу гана катышуу укугуна ээ (сынакка экинчи жолу катышуу жеке тартипте каралат жана калыстардын атайын чечими менен гана уруксат берилет. Болгондо да буга чейинки сынактын финалчыларынын гана катышуусу каралат. Мындай абалда талапкер дароо экинчи турга өтөт. Атайын чечимдин демилгеси катышуучунун өзүнөн же калыстар тараптан болуусу
мүмкүн).

 

3. Сынактын шарттары


 1-тандап алуу турунан кийин жанрлардан көз карандысыз түрдө 20дан ашпаган санда катышуучулар калтырылат. Финалчыларды аныктоо 2-турда ишке
ашырылып, анын жыйынтыгында 10 катышуучу чечүүчү баскычка жолдомо алат. Ал эми финалда 3 жеңүүчү аныкталып, алар алдыңкы байгелүү 3 орунду бөлүп алышат

 1-тур онлайн түрүндө өткөрүлөт. Катышуучулар видео тартып (ыр, бий, оригиналдуу жанр), аны Stream Contest 2023 белгиси менен takutdinova_d@auca.kg электрондук дарегине жөнөтүүгө милдеттүү. Видеонун узактыгы 2 мүнөттөн ашпоосу керек. Видеонун сапаты маанилүү эмес. Катка паспорттун көчүрмөсүн, окуган жерден билдирмени же орто билим тууралуу документтин көчүрмөсүн тиркеп, төмөнкү Google форманы толтуруусу кажет >>

 Сынак “жандуу” өткөрүлөт. Вокалчылар үчүн үн коштолгон фонограммалар кабыл алынбайт, оригиналдуу жанрдын катышуучулары жана бийчилер үчүн каалаган үн коштоо жарайт (эгер ал номердин концепциясына туура келсе).

 Вокалист-катышуучулар үчүн электрондук професионалдык аспаптык музыкалык коштоонун (топтор) жардамын пайдаланууга тыюу салынат. Профессионалдык аранжировка (минусовка), “тирүү” аспап же акапелла менен ырдоо зарыл.

 Биринчи турда вокалисттерге музыкалык коштоосуз бир куплет кайырмасы менен ырдоо керек болот. Экинчи турга фонограммасы менен (минус) вокалы жазылбаган бир ырды даярдоо зарыл. Ал эми 3-турга 2 ыр композициясын камдоо кажет (вокалы жазылбаган минус)

 Бийчилерден 1-турда жеке номер аткаруу талап кылынат. Багыты/стили - каалагандай, узактыгы - 1 мүнөттөн ашпаган. Экинчи турда узактыгы 3 мүнөттөн
ашпаган жеке бий көрсөтүлөт. 3-турда бийчилер эки башка стилдеги 2 бий аткарып берүүсү керек. Жубу менен бийлөөгө бир да турда уруксат берилбейт.

 Оригиналдуу жанрдын катышуучулары 1-турда узактыгы 1 мүнөттөн ашпаган жеке номер (фрагмент) аткарып берүүсү керек. Экинчи турда узактыгы 5 мүнөттөн ашпаган номер. Ал эми 3-турда жалпы узактыгы 9 мүнөтөн ашпаган 2 номер тартуулоо талап кылынат. 

 Ырдын/бийдин стили, тили эч кандай мааниге ээ эмес.

 

5. Сыйлык тапшыруу
 1-орунду ээлеген катышуучу БААУда окууга 100% арзандатууну тастыктаган сертификатка ээ болот. Сертификат Университетке сынактарды тапшырып кабыл  алынганда гана ишке ашырылат.

 2-орунду ээлеген катышуучу БААУда окууга 100% арзандатууну тастыктаган сертификатка ээ болот. Сертификат Университетке сынактарды тапшырып кабыл алынганда гана ишке ашырылат.

 3-орунду ээлеген катышуучу БААУда окууга 100% арзандатууну тастыктаган сертификатка ээ болот. Сертификат Университетке сынактарды тапшырып кабыл алынганда гана ишке ашырылат.

 Сынактын бардык финалчылары сыйлыктар жана сертификаттар менен сыйланышат.

Сынакты уюштуруу жана өткөрүүгө байланышкан суроолор боюнча Студенттердин иши боюнча кеңсеге бул электрондук дарек боюнча кайрылыңыздар - takutidinova_d@auca.kg

 

Эскертүү
1. Калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктоодо чечим кабыл алып жатып, упайлар бирдей болуп калган учурда англис тилинин деңгээли жогору болгон катышуучуларга артыкчылыктар берилет (чечимдер жеке баарлашуу жана 2-турдун алдында англис тилинде жазылган кыска эсселердин негизинде кабыл алынат). Ошондой эле социалдык фактор да эске алынат.

2. БААУга окууга өткөн сынактын жеңүүчүлөрү стипендия алуу укугун төмөнкүm шарттарды аткарган учурда гана сактап калышат. Эгер алар:

а) БААУнун арт-менеджеринин чакыруусу менен академиялык календарда көрсөтүлгөн маданий-массалык иш-чараларга жана жалпы окуу мезгилинин аралыгында БААУнун студенттик театрына активдүү катышса.

б) “а” пункту аткарылбаган шартта БААУнун арт-менеджери Каржылык колдоо боюнча кеңсеге стипендияны алып коюу өтүнүчү менен кайрыла алат.

в) “б” пункту жүйөлүү себептерге байланыштуу бузулса (оору, үй-бүлөлүк шарттар жана башка), анда стипендия алынып салынбайт.  г)  Кандайдыр бир себептерге байланыштуу жеңүүчүлөрдүн бири университеттен кетсе (жер которуу, окуудан четтетилүү жана башка), калыстар стипендияны социалдык жана
маданий чөйрөдө, анын ичинде Стрим сынагында чеберчилигинин жогорку деңгээлин көрсөткөн театрдын башка студентине өткөрүп берүү укугуна ээ.

д) Ошондой эле сабактардан жетишүүсү төмөн болгон Стрим стипендиалдык программасынын катышуучусу стипендиядан куру калат. Стипендиядан ажыратуу студенттерди окуудан чыгаруу сыяктуу жалпы эрежелердин негизинде күчүнө кирет. Бул Жободогу бардык кошумчалар менен толуктоолор БААУнун администарциясы тарабынан бекитилүүсү кажет.

 

Скачать Положение (PDF).

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028