«STREAM» СЫНАГЫ
Жыл сайын Борбор Азиядагы Америка университети Кыргызстандын жогорку класстын окуучулары жана жаштары үчүн “Stream” таланттар сынагын жарыялайт. Бул сынактын алкагында жеңүүчүлөргө БААУда окуу үчүн төрт жылдык үч стипендия ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын 25 жашка чыга элек бардык жаш жарандары төмөнкү категориялар боюнча катышууга өз талапкерлигин тапшыра алышат: вокал, бий жана оригиналдуу жанр.
Кыргызстандын орто билим берүү мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларынын жана орто билим жөнүндө аттестаты бар,
25 жашка чейинки жаштардын арасында, БААУда билим алуу үчүн стипендияларды алуу максатында уюштурулган жыл сайын өтүүчү вокалдык-артисттик «Stream» аттуу жаш таланттар сынагын өткөрүү жөнүндө жобо.
Жобо
Борбордук Азиядагы Америкалык университети Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте Кыргызстандын орто билим берүү мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларынын жана жаштарынын арасында салтка айланган артисттик таланттар конкурсун өткөрөт.
-
1-тур – 15-январдан 22-январга чейин
-
2-тур – 3-февраль
-
3-тур Финал – 14-февраль
2-турга өткөн катышуучуларга 2025-жылдын 22-26-январы аралыгында электрондук почта аркылуу кабар берилет. Өтпөй калган катышуучуларга кабар берилбейт!
- 1-тур – онлайн
- 2-тур жана 3-тур – БААУнун жаңы имараты, Жыйындар залы (№440)
- Иш-чаранын максаты – чыгармачылыкка жөндөмдүү жаштарды аныктоо жана колдоо. Эгерде алар БААУга тапшырып калса, анда университеттин окуу программасынан тышкаркы ишмердүүлүгүнүн алкагында, атап айтканда, Музыкалык студенттик театрда, сахна талантынын мындан ары өнүгүшүнө шарт түзүлөт. «Stream» конкурсу университеттин социалдык долбоорлорунун бири болуп саналат. Бул таланттуу, бирок окуу акысын толук төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок адамдар үчүн БААУда билим алуу мүмкүнчүлүгүн берген дагы бир жол.
- Жаш таланттардын вокалдык-артисттик конкурсу – бул артисттик жөндөмдөрү бар катышуучулардын этап-этабы менен тандалып алынышы. «Артисттик жөндөмдөргө» вокалдык, бий, оригиналдуу жанрдагы жана башка сахналык өнөр жанрындагы номерлер кирет.
- Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы конкурс тууралуу маалыматты мектептерге таратууда БААУга көмөк көрсөтөт. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча жалпы жоопкерчилик БААУнун Студенттердин окуу программасынан тышкаркы ишмердүүлүгү боюнча офисине жүктөлөт.
- Конкурс тууралуу маалымат БААУнун расмий сайтында, Facebook’тагы «AUCA students» студенттердин баракчасында, ошондой эле Instagram @studlife_auca аккаунтунда жеткиликтүү.
- Конкурстун жеңүүчүлөрү жана финалисттери сертификаттар менен сыйланышат. Алдыңкы үч орун стипендия алуу укугуна ээ болушат. Эгерде конкурстун жеңүүчүлөрү кабыл алуу сынагынан өтпөй калышса, БААУ аларга даярдык бөлүмүндө акысыз окууну сунушташы мүмкүн. Аны аяктагандан кийин алар стипендия алуу укугун ишке ашыруу үчүн кайрадан сынак тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат.
- Конкурстун катышуучулары болуп Кыргыз Республикасынын жарандары – Кыргыз Республикасынын мектептеринин 11-класстарынын окуучулары эсептелет. Алар мектептен маалымкат жана жарандыкты тастыктаган документ тапшырышы керек.
- Конкурска 22 жаштан ашпаган, Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат. Алар жалпы жарандык паспортун жана орто билим тууралуу аттестатын көрсөтүүгө тийиш.
- Конкурстун катышуучулары, эгерде бул Жободо көрсөтүлгөн эрежелер менен макул болсо гана, конкурска катыша алышат.
- Конкурстун катышуучусу конкурска бир гана жолу катышууга укуктуу. (Конкурска экинчи жолу катышуу өзүнчө тартипте каралат жана атайын чечимдин негизинде, жюринин протокол менен бекитилген чечими аркылуу уруксат берилет. Мындай учурда мурунку жылдардагы конкурстун финалисттери гана каралат. Бул учурда конкурстун катышуучусу дароо эле экинчи турга өткөрүлөт. Атайын чечим чыгаруу демилгеси катышуучунун өзүнөн же жюриден келип чыгышы мүмкүн.)
- Тандоо 1-турдан кийин, жанрлардан көз карандысыз түрдө, 20дан ашпаган катышуучу калат. Финалисттерди тандоо 2-тур аркылуу жүргүзүлөт, анын жыйынтыгында 10дон кем эмес финалист тандалып алынып, 3 жеңүүчү аныкталат – 3, 2- жана 1-орундарга ээ болушат.
- 1-тур онлайн өткөрүлөт. Катышуучуларга видео (ыр/бий/ориг.жанр) жаздырып, аны Drive'га жүктөп, студенттердин окуу программасынан тышкаркы ишмердүүлүк боюнча офистин электрондук дарегине extracur@auca.kg жөнөтүү талап кылынат. Тема сабында: Stream Contest 2025 деп көрсөтүлүшү зарыл. Видеонун узактыгы 2 мүнөттөн ашпоого тийиш. Видеонун сапаты маанилүү эмес. Кат жазууда жарандык паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн, окуган жеринен маалымкатты же орто билим тууралуу документтин көчүрмөсүн тиркөө зарыл. Маанилүү! Заявка бардык керектүү документтер тиркелген учурда гана кабыл алынат деп эсептелет.
- Конкурс «жандуу» форматта өтөт. Вокалисттер үчүн катышуучунун үнү бар фонограммалар кабыл алынбайт, оригиналдуу жанрдагы катышуучулар жана бийчилер үчүн номердин концепциясына жараша каалаган үндүк коштомо колдонууга уруксат берилет.
- Вокалисттер профессионалдык электрондук аспаптык музыкалык коштомону (топ) колдонууга укугу жок. Алар профессионалдык аранжировка (минусовка), «жандуу» аспаптардын коштоосунда же акапелла түрүндө чыгышы керек.
- Биринчи турда вокалисттер каалаган композициянын бир куплети жана кайырмасын музыкалык коштомосуз ырдашы керек. Экинчи турга бир композиция (вокалсыз минус) даяр болуусу зарыл. Үчүнчү турга эки композиция (вокалсыз минус) талап кылынат.
- Бийчилер биринчи турда каалаган багыт/стилди камтыган, 1 мүнөттөн ашпаган жеке бий номерин (фрагмент болуусу мүмкүн) көрсөтүшү керек. Экинчи турда 3 мүнөттөн ашпаган жеке бий коюлат. Үчүнчү турда эки башка стилдеги бий номерлери коюлат. Бардык турларда жуп болуп бийлөөгө уруксат берилбейт.
- Оригиналдуу жанрдагы катышуучулар биринчи турда узактыгы 1 мүнөттөн ашпаган жеке номер (фрагмент) көрсөтүшү керек. Экинчи турда 5 мүнөттөн ашпаган жеке номер аткарылат. Үчүнчү турда жалпы узактыгы 9 мүнөттөн ашпаган эки номер аткарылышы зарыл.
- Бийдин/ырдын стили жана тили мааниге ээ эмес.
- Биринчи турда комиссия иштейт, анын курамына Студенттердин окуу программасынан тышкаркы ишмердүүлүк боюнча офистин кызматкерлери кирет. Жооптуу – БААУнун арт-менеджери.
- Экинчи жана үчүнчү турларда комиссиянын курамына маданий иш-чараларды уюштурууга кандайдыр бир деңгээлде тартылган Университеттин кызматкерлери, музыкалык жана сахналык ишмердүүлүккө тиешеси бар БААУнун бүтүрүүчүлөрү жана (мүмкүнчүлүккө жараша) Бишкек шаарынын жана жалпы Кыргыз Республикасынын профессионалдык аткаруучулары, режиссерлору, продюсерлери кирет. Комиссиянын курамын түзүү үчүн жоопкер – БААУнун арт-менеджери.
- Тандоо комиссиясы финалдык турга өткөн талапкерлерге музыкалык чыгармаларды тандоодо жана алардын коюлушунда жардам көрсөтүү укугун өзүнө калтырат.
- Финалдык (үчүнчү) турда жеңүүчү жана байге ээлери Жюри мүчөлөрү тарабынан берилген добуштардын санына жараша аныкталат. Эгерде бир нече катышуучу бирдей добуш алса, жеңүүчүлөр жюри тарабынан консенсус жолу менен аныкталат.
- Комиссиянын чечимине даттануулар кабыл алынбайт жана каралбайт.
- Жыйынтык Протокол Жюринин эсеп комиссиясынын мүчөлөрү жана Комиссиянын Төрагасы тарабынан кол коюлуп, Финансылык колдоо офисине өткөрүлөт.
- 1-орунду алган катышуучу БААУда билим алуу үчүн 100%дык арзандатууну тастыктаган сертификатка ээ болот. Сертификатты ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү катышуучу кабыл алуу сынактарынан ийгиликтүү өтүп, Университетке кабыл алынган шартта гана мүмкүн.
- 2-орунду алган катышуучу БААУда билим алуу үчүн 100%дык арзандатууну тастыктаган сертификатка ээ болот. Сертификатты ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү катышуучу кабыл алуу сынактарынан ийгиликтүү өтүп, Университетке кабыл алынган шартта гана мүмкүн.
- 3-орунду алган катышуучу БААУда билим алуу үчүн 100%дык арзандатууну тастыктаган сертификатка ээ болот. Сертификатты ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү катышуучу кабыл алуу сынактарынан ийгиликтүү өтүп, Университетке кабыл алынган шартта гана мүмкүн.
- Конкурстун бардык финалисттери байгелер жана катышуучу сертификаттары менен сыйланышат.
Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча суроолор менен студенттер иши боюнча офиске төмөнкү дарек аркылуу кайрылса болот: takutdinova_d@auca.kg
1. Жеңүүчүлөрдү аныктоо учурунда, башка шарттар тең болгон учурда, Жюри англис тилин жогору деңгээлде билген катышуучуларга артыкчылык берет (чечим катышуучулар менен болгон жеке маектердин жана экинчи турдун алдында англис тилинде жазылган кыска эссенин негизинде кабыл алынат), ошондой эле социалдык фактор да эске алынат.
2. Конкурстун жеңүүчүлөрү БААУга тапшырып, кабыл алынган учурда, төмөнкү шарттар аткарылганда стипендия алууга укугун сактап калышат:
а) Алар окуу мезгилинин ичинде БААУнун академиялык календарында көрсөтүлгөн маданий-массалык иш-чараларга БААУнун арт-менеджеринин чакыруусу менен, ошондой эле БААУнун студенттик музыкалык театрынын курамында активдүү катышып турушу керек.
б) Эгерде «а» пункту бузулса, БААУнун арт-директору стипендиядан ажыратуу тууралуу өтүнүч менен Финансылык колдоо офисине кызматтык кат жазууга укуктуу.
в) Эгерде «б» пункту оорулуу болуу, үй-бүлөлүк жагдайлар ж.б. сыяктуу негиздүү себептер менен бузулса, стипендиядан ажыратуу жүргүзүлбөйт.
г) Эгерде жеңүүчүлөрдүн бири кандайдыр бир себептерден улам университеттен кетсе (кочуп кетүү, окуудан чыгарылуу ж.б.), жюри стипендияны «Stream» конкурсуна катышкан, социалдык жана маданий чөйрөдө, анын ичинде студенттик театрда жогорку деңгээлдеги чеберчилик жана активдүүлүк көрсөткөн башка катышуучуга өткөрүп берүү боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу.
д) Эгерде «Stream» стипендиялык программасынын катышуучусунун академиялык көрсөткүчтөрү төмөн болсо, алар стипендиядан ажыратылат. Стипендиядан ажыратуу жалпы негиздер боюнча жүргүзүлөт, алар боюнча кадимки студенттер окуудан чыгаруу процессине кабыл алынат.
Бул Жобого киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор БААУнун администрациясы тарабынан бекитилиши керек.