Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - SECURITY SERVICE

SECURITY SERVICE

Коопсуздук кызматы университеттин түзүмдүк бөлүмү болуп, башка бөлүмдөр менен өз- ара аракеттенишүү аркылуу студенттердин, окутуучулардын жана кызматкерлердин
комплекстик коопсуздугун камсыздайт. 


БААУнун эрежелерине ылайык, БААУнун бардык студенттери, окутуучулары жана кызматкрелери окуу жайга өз ID документин көргөзүп кирүүгө милдеттүү. Мындай чара Сиздин гана эмес, ошондой эле университеттин менчигинин коопсуздугун камсыздоо үчүн да зарыл. Мындан тышкары ал университетке чоочун кишилердин кирүү
тобокелчилигин азайтат. ID жоголгон учурда студенттер окуу бөлүмүнө, ал эми окутуучулар менен кызматкерлер Адамдык ресурстарды бакшаруу боюнча кеңсеге кайрылуусу кажет.


Штаттан тышкаркы коркунучтуу кырдаалдар жаралган шартта Адамдык ресурстарды башкаруу боюнча кеңсе сизге ыкчам маалыматты электрондук дарегиңизге жана уюлдук
телефонуңузга билдирме жөнөтүү аркылуу маалымдайт.

 

Сиздин өзгөчө көңүлүңүздү коопсуздук кызматы жеке буюмдарыңыз үчүн жоопкерчилик тартпастыгына бурат. Андыктан чоң өтүнүч - уюлдук телефон, ноутбук жана башка жеке
буюмуңуздарды кароосуз калтырбаныздар.


Эгер сизде коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгүнө байланышкан суроолор жаралса, анда БААУнун коопсуздук кызматынын жетекчиси Бекболот Абдылдабеков менен abdyldabekov_b@auca.kg электрондук почтасы же 399 ички телефону аркылуу байланышыңыз.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028