Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Негизги адистикке талаптар

Негизги адистикке талаптар

 

PSY 105.1 Психологияга киришүү

"Психологияга киришүү” курсунда сиз бул кенен дисциплина тармагында белгилүү бир базалык илимдерге ээ болосуз. Ошондой эле психологиялык изилдөөлөр менен психологиялык эксперименттерди пландаштырууга зарыл болгон кээ бир принциптер тууралуу маалымат аласыз. Болочок адистер үчүн классикалык жана операнттык шарт коюунун негизги жоболору менен таанышуу да кызыгууну жаратат. Сиз негизги психологиялык парадигмалардан баштап бүт бардык темаларды иликтейсиз. Анан албетте, бул курс “Психология” факультетиндеги бир кыйла тереңдетилген курстар үчүн негиз болуп берет.

 

PSY 127 Борбордук нерв системасынын анатомиясы жана физиологиясы жана нерв ишмердүүлүгүнүн татаал көрүнүштөрү

Бул программа өзүнө ишмердүүлүк анализинин заманбап илимий жетишкендиктерин, алардын ичинде организмдин физиологиялык жана функционалдык системаларын камтыйт. Муну менен ал физиологиядагы аналитикалык жана синтетикалык ыкмаларды бириктирет. Ал үч негизги бөлүктөн турат: жалпы физиологиядан, адамдын физиологиясынан жана адамдардын жүрүм-турумдарынын физиологиялык негиздеринен.

 

PSY - 354 Окутуу ыкмалары

Бул курс студенттерге жалпы окуу программасында көрсөтүлгөн концепцияларды жана/же тапшырмаларды иликтөөдө (“Психологияга киришүүнү” иликтегендерге), түшүнүүдө жана бышыктоодо жардам берүү максатында иштелип чыккан. Студенттерде окутуунун пайдалуу ыкмаларын окутуунун ар кандай ыкма жана стратегияларынын жардамы менен өнүктүрүү жана бекмдөө мүмкүнчүлүктөрү болот. Биз эмне себептен айрым окутуу ыкмалары эффективдүү да, кээ бирлери андай эмес экенин билип, окутуу процесстери психологиялык көз караш менен алып караганда кантип иштөөсүн жана мээнин биздин билим алуу жөндөмүбүзгө кандай таасир этүүсүн талкуулайбыз.

 

PSY - 290.1 Психологиянын тарыхы жана методологиясы

Психологиялык илимдин негизги көйгөйлөрү өз-ара байланышкан жана терең тарыхий тамырлары бар белгилүү бир ырааттуулукта берилген. Курстун максаты - психологиянын байыркы мезгилден тарта 20-кылымдын экинчи жарымына чейин мезгилдеги өнүгүүсү тууралуу маалымдама берүү. Өзгөчө көңүл психологиянын АКШда өнүгүүсүнө бурулат. Студенттер заманбап психолог үчүн бихевиоризм, психоанализ, гуманистикалык психология, маданий-тарыхий психология жана когнитивдүү психология өңдүү түшүнүктөр эмнени билдирүүсү жөнүндө маалыматка ээ болуусу керек.

 

PSY 238.1 Өнүгүүнүн психологиясы

“Өнүгүүнүн психологиясы” курсу адамдын бойго бүтүүдөн тарта жашоо менен кош айтышканга чейинки өнүгүүсүнүн негизги баскычтары менен тааныштырат. Ал өнүгүүнүн ар кандай маданий контексттерине жана инсандын ар тараптуулугуна өзгөчө көңүл буруу менен адамдардын физикалык, когнитивдик жана социалдык өсүп-өнүгүүсүн карап чыгат. Биз аталган курс адамдын ар кандай жаш курактагы психологиясын, өнүгүүсүнө таасир эткен факторлорду жакшы түшүнүүгө жардам берет деген үмүттөбүз. Сиз бул жерде алынган түшүнүктөр менен маалыматтарды башка курстарда гана эмес, ошондой эле кесипкөйлүк карьераңызда жана жеке жашооңузда колдоносуз деген ойдобуз.



PSY - 276 Социалдык илимдердеги изилдөө ыкмалары: Сандык изилдөөлөр

Бул курс сизди психология тармагындагы ар түрдүү ыкмалар менен тааныштыруу үчүн иштелип чыккан. Курстун максаттарынын бири студенттерге теория, гипотезаларды түзүү, жумуштук аныктамалар, өзгөрүлмө жана өлчөм ченемдери сыяктуу изилдөө ыкмаларынын концепциялары жана ыкмалар тууралуу билимдер жөнүндө түшүнүк берүү болуп саналат. Мындан тышкары биз изилдөөнүн ар кандай эксперименталдык жана эксперименталдык эмес ыкмаларына оюбузду чогултабыз.

 

PSY - Изилдөө ыкмалары II: Сапаттуу изилдөөлөр

PSY 211.1 Социалдык психология

Курстун негизги максаты
Курстун негизги максаты студенттерге адамдардын бири-бирин кантип кабыл алуусу, таасир этиши жана өз-ара мамилелери жөнүндө билимдерди берүү болуп саналат. Студенттер адамдын социалдык жүрүм-турумунун негиздерин түшүндүргөн бир катар ар кандай теориялар жөнүндө түшүнүк алышат. Студенттер ошондой эле талкуулоолор жана академиялык жана чыгармачылык иштерди аткаруу аркылуу сын көз-караштык жана аналитикалык ыкмаларын өнүктүрүшөт.


PSY 334.1 Инсандын психологиясы

Бул курс адамдын инсандыгын түшүнүүнүн негизги психологиялык ыкмаларына киришүү болуп саналат. Курс классикалык комплекстүү ар тараптуу теорияларды жана салыштырмалуу акыркы концепцияларды жана инсанды изилдөөлөрдү иликтейт. Курс клиникалык жана консультациялык психологияны, ошондой эле психикалык ден-соолук жаатындагы башка тереңдетилген курстарды андан ары иликтөө үчүн аянтча катары кызмат кылат.

 

PSY - Колдонмо социалдык статистика жана социалдык илимдер үчүн статистикалык топтом (SPSS)

Бул курс психологиялык маалыматтарды чогултуунун, уюштуруунун жана талдоонун негизги принциптерин кучагына алат. Аларга негизги сыпаттама (мисалы, орто маанилер, стандарттык четтөөлөр) жана тыянактык статистикалык көрсөткүчтөр (t-критерийлер, корреляция, регрессия, ANOVA) кирет. Бул курстун максаты студенттерге лабораториялык изилдөөлөрдү жана сурамжылоолорду жүргүзүү үчүн зарыл болгон негизги статистикалык түшүнүктөрдү жана зарыл ыкмаларды берүү жана психологиялык адабияттарды түшүнүү үчүн адекваттуу сандык негизди берүү болуп саналат. Бул курста өзгөчө басым SPSS статистикалык программалык топтомун колдонууга бурулат.



PSY 353 Нейрофизиология

Курстун негизги максаты студент-бакалаврларды борбордук нерв системасы, вегетативдик нерв системасы, гормондор, стресстик реакциялар жана адамдын жүрүм-турумунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн татаал механизмдерин киргизүү аркылуу нейропсихология жана нейрофизиология тармагы менен тааныштыруу болуп саналат. Роберт Сапольскийдин лекцияларынан түзүлгөн негизги окуу китеби жеткиликтүү тилде жазылып, анда көптөгөн тамашалар жана жаркын мисалдар бар. Бул студенттерге татаал, бирок келечектеги психолог үчүн керектүү темаларды түшүнүүгө жардам берет. Курстун нейропсихологиялык бөлүгү тестирлөө процедураларынан туруп, алар студенттер курсташтары менен түздөн-түз практикалоо аркылуу өнүктүргөн “практикалык” ыкмада окутулат. Курстун бардык мезгилинин жүрүшүндө бул жааттагы этикалык аспектилер эске алынат.


PSY 391.1 Патопсихология

Патопсихология – бул психологияны патологиялык, начар түзөтүлгөн эмоционалдык жактан бузулган жүрүм-турумду илимий изилдөөнүн предмети катары караган колдонмо психологиянын тармагы. Курс психикалык четтеп кетүүлөрдүн үлгүлөрү жана ошондой эле негизги психикалык бүлүнүүчүлүктөрдүн мүнөздөмөсү менен тааныштырат. Курстун форматы психикалык бузулгандыктардын диагностикалык жана статистикалык колдонмосуна негизделген (4-чыгарылыш). Студенттер патологиялык жүрүм-турумдарды жана конкреттүү психологиялык бузулгандыктарды аныктоо жана баалоону; жалпы психологиялык бузулгандыктарды таануу жана аныктоону; конкреттүү психологиялык бүлүнүүлөрдү дарылоонун негизги принциптерин түшүндүрүүнү; илдеттердин Эл аралык классификациясын түшүнүүнү үйрөнүшөт. Анын ичинде психикалык бузулгандыктардын диагностикалык жана статистикалык колдонмосу менен иштөөнү (DSM-TR).

PSY 337.1 Психологиялык тесттер
Бул курс тесттерди иштеп чыгуу жана талдоо процесси менен таанышууга багытталган. Психологиялык тесттер психологиялык изилдөөлөр менен практикалардын дээрлик бардык аспектилеринде пайдаланылгандыктан, курстун көлөмү менен татаалдыгы жетишерлик даражада жогорку деңгээлде болуп эсептелет.

PSY 310.1 Психофизиология жана когнитивдүү психология

Когнитивдүү психология адамдын аң-сезимине байланышкан ар кандай темаларды иликтейт. Кабыл алуу деген эмне, ой-жүгүртүү деген эмне жана адам кандай жол менен ойлонот жана бир нерсени эстеп калат, биздин көнүлдү эмне өзүнө тартат жана кармап калат, жаныбарлардын тили жана акылы барбы?.. Ушул жана башка маселелер курстун сабактары учурунда биздин көңүл чордонубузда болот. Ошондой эле биздин аң-сезим мээнин түзүмдөрү менен кантип байланышарын билесиз жана мээнин экиге бөлүнүү феноменине таң каласыз. Биздин курсту өтүү оңой эмес, бирок биз процесс татаал гана эмес, пайдалуу да болот деген үмүттөбүз.

 

PSY 383.1 Консультациялоого киришүү

Консультациялоо колдонмо кесипкөйлүк психологиянын тармагына таандык. Ал психикалык ден-соолукка байланышкан кесиптердин чөйрөсүнө тиешелүү. Консультациялоо - бул жеке жыргалчылыкка багытталган кесипкөйлүк жардамдын бир түрү. Курста консультациялоо жана терапиянын жолдору жана ыкмалары тартууланат. Курс студенттерде консультациялоо жана психотерапиянын жолдорун түшүнүү, ыкмаларды жана процесстерди үлгүлөө жөндөмдөрүн өнүктүрөт.

 

PSY 386.1 Психогенетика
Курстун максаты адамдардын арасындагы генетикалык өзгөчөлүктөр кантип жүрүм-турумдук айырмачылыктарга алып келерин изилдөө болуп саналат.

 

PSY 411.1 & 412.1 Дипломдук иштерди жазуу боюнча семинар
Дипломдук иштерди жазуу боюнча семинар сабактарга төртүнчү курстун студенттеринин катышуусун назарда тутат. Ал дипломдук иштин үстүндө максаттуу иштөө жана аны өз убагында бүтүрүүгө; заманбап психологиянын методологиялык принциптерин түшүнүү жана аларды илимий изилдөөлөрдүн практикасында ишке ашырууга; долбоорду ишке ашыруу жана студенттеин болочок кесипкөйлүк тандоосу үчүн чоң мааниге ээ болгон билимдерди калыбына келтирүүгө; ошондой эле долбоорду аяктоо үчүн зарыл болгон фундаменталдык жана заманбап адабияттар менен эффективдүү иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028