Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БОЛОЧОК СТУДЕНТТЕРИБИЗГЕ

|"Жаратылыш өз мыйзамдарын математиканын тилинде түзөт”

Галилео Галилей

“Математиканы сөзсүз окуп-үйрөнүү абзел, анткени ал акылды тартипке келтирет”

Михаил Ломоносов

 

Математика – бул адамдык маданияттын бөлүгү жана ар бир заманбап кишиге зарыл болгон либералдык билим берүүнүн негизи. Математиканы окутуу студенттердин аналитикалык жана логикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүнүн, ошондой эле алардын кесипкөйлүк ыкмаларын калыптандыруунун негизи болуп саналат. Анткени ийгиликке жетүү үчүн ийкемдүү ой-жүгүртүү, өз көз-караштарыңды жактай билүү, маселелерди так коюу жана аларды чечүүнүн жолдорун издөө керектелет. Булардын баарына студенттерибизди сабактарда үйрөтүүгө бүт күч-аракеттерибизди жумшайбыз. Окутуунун жыйынтыгында студенттерибиз математикалык ыкмаларды колдонуу каалаган тармактагы адистин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтерин түшүнүп жетишет.

Колдонмо математика деген эмне?

Колдонмо математика жаратылыштагы жана коомдогу кубулуштар жөнүндө жаңы билим алуу, ошондой эле ар түрдүү технологиялык процесстерди башкаруу үчүн математикалык моделдерди иштеп чыгуу, изилдөө жана колдонуу илими болуп саналат. Бир жагынан бул илим математиканын теориялык бөлүмдөрүндө топтолгон эбегейсиз чоң маалыматтык потенциалын жана ыкмаларын колдонот, башка жагынан болсо, акыркы жылдары дүркүрөп өсүп жаткан компьютердик илимге негизделет. Дал ушул компьютер илиминин жана компьютердик технологиялардын өнүгүшү, азыркы колдонмо математикасына комплекстик геодинамикалык, метеорологиялык, астрофизикалык процесстердин өрчүшүн алдын ала көрүүгө, ошондой эле заманбап өндүрүштөрдү башкарууга мүмкүндүк берген татаал математикалык моделдер менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берди.

 

Эмне үчүн бул адистикти тандашым керек?

Эгер сиз математиканы жакшы көрсөңүз, компьютерлерге жана буларга байланыштуу бардык нерселерге кызыксаңыз, Колдонмо Математика жана Информатика бөлүмү сизге керек. Галилео Галилей белгилеп кеткендей: “Жаратылыш математика тили менен өз мыйзамдарын жазат”, азыркы кезде болсо математика менен компьютердик илимдеринин кызматташтыгы бизге жаратылышты жана коомду таануунун эң күчтүү куралын – математикалык модель түзүүнү берди. Муну өздөштүрүп алып, табият таануу жана коомдук илимдеринин эң татаал маселелерин чечүүдө кантип колдонулгандыгын түшүнө аласыз.

 

Бул жерде эмнени окутат?

Бөлүмүбүздө математика жана компьютердик илимдер боюнча базалык билим берилет. Математикалык анализ, дифференциялык теңдемелер, ыктымалдуулуктар теориясы жана математикалык статистика, эсептөө математикасы, берилиш түзүлүштөрү жана алгоритмдер, жогорку деңгээлдеги тилдерде программа жазуу, программалык инженериянын негиздери жана башка дисциплиналар боюнча терең билим аласыз. Мындан тышкары, математикалык модель түзүү ыкмасы экономикада (финансылык базарларды талдоо, банк жана камсыздандыруу тобокелдерин баалоо, ишканаларды жана тармактарды оптималдуу түрдө экономикалык башкаруу) кантип иштегенин жана табигый жана техногендик кырсыктарды (жер титирөө, цунами, экологиялык проблемалар) изилдөөгө мүмкүндүк бергенин түшүнө аласыз.

 

Окуудан кийин эмнеге ээ боломун?

Табигый жана коомдук илимдерде пайда болгон проблемаларды жана процесстерди комплекстүү түрдө талдоо, математикалык ыкмаларды жана азыркы компьютердик технологияларды иш жүзүндө колдонуу жөндөмдүүлүктөрүн аласыз. Коомдук жана табигый системалардагы ар кыл кубулуштарды сүрөттөө жана алдын ала билүү үчүн математикалык моделдерди куруу жана колдонуу жөндөмүнө, системалык көз карашка ээ болуп, профессионалдык чөйрөдө долбоордук ишмердикке даяр болосуз. Биздин программанын билимине жана жөндөмдөрүнө ээ болуп, кесиптик ишмердигиңиздин мүнөзүн жана түрүн өзгөртө аласыз, эмгек базарында жогору бааланган дисциплиналар аралык долбоорлордо иштей аласыз.

 

Кайсы жерде иштей аламын?

Экономика, бизнес, илимдин дээрлик бардык тармактарында, коомдук жана мамлекеттик кызматта талап кылынган адис болуп чыгасыз. Бүтүрүүчүлөр банктарда, консалтинг, камсыздандыруу жана аудит ишканаларында, өнөр жайларда иштей алышат, системалык жана бизнес талдоочулары, берилиш базаларынын түзүүчүлөрү боло алышат, ар түрдүү компьютердик системаларды өнүктүрө жана жаңылай алышат. Окууну АКШ, Англия, Германия университеттеринде бизнес, экономика, колдонмо математика, компьютердик илимдер багыттары боюнча магистрдик программа боюнча уланта аласыз.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028