Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Келечек

Келечек

 

БААУ 20 жылдын ичинде Борбордук Азиянын мыкты университеттеринин бири боло алды. Алдыңкы 20 жылда университет Борбордук Азия менен биргеликте өсүп-өнүгөт
жана бүт дүйнөгө инновацияларды тартуулайт. БААУнун таланттуу жана бийик максаттарды көздөгөн студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери университет
гуманитардык билим берүү үчүн жаңы ыкмалар менен идеяларды иштеп чыга аларын далилдешет. 


2014-жылы БААУ Бишкекте жаңы кампусту ачып, өз келечегине карай маанилүү  кадам таштайт. Жаңы окуу имараты жылытуу жана муздатуу үчүн калыптанма геотермалдык
энергияны колдонуу боюнча Борбордук Азиядагы биринчи имарат болуп, аймакта калыптанма энергияны пайдаланууну иликтөө боюнча ачык үлгү болмокчу.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028