Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Бард

Бард

 

Атаандаштык күчү толгон жана инновациялык жогорку окуу жай катары, 150 жылдык тарыхка ээ болгон Бард-колледждин миссиясы АКШ аркылуу бүткүл дүйнөгө жайылган жана студенттердин көптөгөн муктаждыктарын канагаттандыра ала турган жөндөмү бар. Бард-колледждинде жана БААУн эске алганда, анын дүйнөдөгү бардык филиалдарындагы студенттердин жалпы саны болжол менен 5000 кишини түзөт. Бард-колледж маданиятты, коомдук турмушту байытуу, эртеңки күндүн болочок жетекчилерин даярдоо жолу аркылуу демократиялык дискурсту жүргүзүү максатын алган.

 

Бард-колледж жана БААУ уюм аралык кызматташтыкты түзүшкөн, бул кызматташтык БААУ студенттерине эки программа боюнча илимий даража жана америкалык гуманитардык билим салтына негизделген окуу курсун алуу мүмкүнчүлүгүн берет. 2011-жылдан бери, алгачкы экилик илимий даражаларды ыйгаруудан бери Бард-колледж менен БААУ арасындагы кызматташтык, профессордук-окутуучулук курамдын кеңейишине жана студенттердин санынын өсүшүнө көмөк кылуун улантып жатат. Борбордук Азияда жогорку билимди өнүктүрүү максатында эки жогорку окуу жайда тең алмашуу программасынын тажрыйбасы колдонулууда.

 

Бул көргөзмөдө сиз Бард-колледж жана БААУ арасындагы өз ара мамилелердин бул эки уюмга кылган таасирин көрө аласыздар. Эки окуу жайдын жетекчилери, кызматташтыктан пайданы гана алган окутуучулары, студенттери айтып берген окуялар буга далил болуп берет.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028