Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Бүтүрүүчүлөр

Бүтүрүүчүлөр

 

БААУ эл аралык майданда жана Борбордук Азия чөлкөмүндө сый-урматка ээ болушу, кыска мөөнөт ичинде БААУ бүтүрүүчүлөрүнүн ийгиликке жетишкендигинин далили болуп жатат. БААУ студенттери бүткүл дүйнөнү кыдырып жатат, көбүнчөсү мекенине кайтып, элдик экономиканын жана коомчулуктун өнүгүшүнө өз тажрыйбасынын пайдасын тийгизип жатат.

БААУ бүтүрүүчүлөрү арасындагы мамилелер башкалардыкына салыштырмалуу күчтүү, ошондуктан бүтүрүүчүлөр университетке сабак берүү, студенттерге жетекчилик кылуу, жаңы кызматкерлерди жалдоо, ыктыярчылык ишмердигин кылуу, ошондой эле жетекчилердин жаңы муунуна стипендия жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берип,  колдоо көрсөтүү үчүн кайтып келип жатат. 

Бүтүрүүчүлөр жөнүндөгү көргөзмө дүйнөнүн төрт бурчунда БААУ бүтүрүүчүлөрүнүн жетишкендиктерин көрсөтөт, ошондой эле мында биз бир жыл ичинде чогулткан ыраазычылык видеобилдирүүлөрүн да элдин назарына беребиз.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028