Борбордук Азиядагы Америкалык Университет башка окуу жайларга өзүнүн студенттеринен улам окшобойт. Аймактагы башка университеттерден айырмаланып, БААУ студенттик жашоо өмүрлүк досторду жаратат, студенттерге жаштыкты, чыгармачылыкты, коомчулуктун жолун жолдоочулукту жактаганы үчүн дем берет. БААУ руху өзүнүн студенттеринен пайда болуп, кайра эле алардын өздөрүндө орун алат. Студенттердин ордун, кошкон салымдары үчүн баса белгилеш керек, себеби алар университеттин бөлүгү болуп, БААУ түзүлүшүнө көмөк көрсөтүшкөн. Бул университетте ар түрдүүлүк жана ачыктык идеялары өкүм сүрөт.
1993-жылдан баштап, БААУ, университетке кайталанбастыкты берүү үчүн, америкалык жана борбордук азиялык түзүүчүлөрдөн түзүлгөн, өзүнүн студенттик салттарын өнүктүрүп келе жатат. Бул көргөзмөдө сиз ушунча жылдан бери бул салттардын сакталганын, студенттер менен чогуу кантип өзгөргөнүн жанан өнүккөнүн көрө аласыздар.