Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - МУКТАЖДЫКТЫН НЕГИЗИНДЕ

МУКТАЖДЫКТЫН НЕГИЗИНДЕ

Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн студенттеринин муктаждыктарынын негизинде берилүүчү каржылык жардам.

Абитуриенттерге карата минималдык талап:

  • Каражатка муктаждыгын далилдөө (тиешелүү документтер менен)
  • 11 программанын бирөөнө толук студент катары кабыл алынуу

Каржылык жардамга биринчи жолу арыз берип жаткан студенттерге карата минималдуу талап:

  • Каражатка муктаждыгын далилдөө (тиешелүү документтер менен)
  • Окуудагы жалпы жетишкендик деңгээли (GPA) жок дегенде 2.7 болушу керек

Мурдатан каржылык жардам алган окуп жаткан студенттер үчүн минималдык талап:

  • Окуудагы жалпы жетишкендик деңгээли (GPA) жок дегенде 2.7 болушу керек
  • Студенттин (же үй бүлөсүнүн) каржылык абалында маанилүү өзгөрүү болгон эмес (жок дегенде 20%)
  • Окуудан сырткары иштерди алып баруучулук (лидердик) жана кызмат

Майып студенттер үчүн каржылык жардам 

өлчөмү: окуу акысынын 90 %га чейинкиси

БААУнун программаларынын бирине толук студент катары кабыл алынган, окуудагы жалпы жетишкендиги (GPA)  жок дегенде 2.7 (эгер окуп жатса), каржылык жардамга муктаж экендигин көрсөтө алган жана биринчи же экинчи категориядагы майып студенттерге берилет.

Ата-энесиздерге жардам

өлчөмү: окуу акысынын 90 %га чейинкиси

БААУнун программаларынын бирине толук студент катары кабыл алынган, окуудагы жалпы жетишкендиги (GPA)  жок дегенде 2.7 (эгер окуп жатса), каржылык жардамга муктаж экендигин көрсөтө алган студенттерге берилет.


 Донордук стипендия

 

1. Ачык коом институтунун стипендиясы (OSI)  (Бизнес башкаруу жана Программалык камсыздоо багыттарындагы студентерден тышкары)

Бул стипендия КМШдан келген, БААУнун кирүү сынактарынан татыктуу өткөн каржылык жардамга муктаж экендигин көрсөтө алган студенттерге берилет. Стипендиянын саны арыз бергендердин санына жана фонддун мүмкүнчүлүгүнүн негизинде аныкталат.

Каржылык муктаждыктын далилдүүлүгү жана БААУга кабыл алынгандык стипендия алуу үчүн минималдуу укук берүүгө негиз болот.

 

Толук стипендия  (окуунун толук акысынан 500$ студент озу толойт, ал эми окуунун акысынын калган болугун жана жашаган жеринин акысын донор каржылайт, ай сайын стипендия берилет). Студенттерге ыйгарылуучу толук өлчөмдөгү акчалай жеңилдиктин (стипендиянын) саны учурдагы колдо бар фондго жараша болот.

 

Ар бир  окуу жылынын башында стипендия алууга ким укуктуу экендиги кайра  каралып чыгат. Эгерде студенттин окуудагы жалпы жетишкендиги 3.0 төмөн болсо, стипендия алып салынат, аны кайра жаңыртууга мүмкүнчүлүк жок.

 

Толук эмес стипендия (окуунун толук акысынан 2000$ студент озу толойт, ал эми калган болугун донор каржылайт). Толук эмес стипендия учурда колдо бар фондго жараша болот.

 

Каржылык гранттын мүмкүнчүлүгүнө жараша жарым-жартылай стипендия турак-жай акысын жана стипендияны камтышы мүмкүн. Турак-жай акысы менен стипендия толук эмес каржылык жеңилдик алуучулардын каржылык муктаждыктарынын негизинде тандалып алынат.

 

Бул стипендия студент өзүнүн окуудагы жалпы жетишкендик деңгээлин 2.7ден төмөн түшүрбөй кармапап жүрсө автоматтык түрдө жаңыртылып турат. Ал эми студент стипендия алуу үчүн талап кылынган GPA минималдык деңгээлде кармай албаса, ага GPA талабын аткаруу үчүн эки сместр мөөнөт берилет.

 

1.    Жогорку окуу жайын колдоо программасынын стипендиясы (2008-2009, 2009-2010,  2010-2011- ар бир үч окуу жылында 10дон студент кыз үчүн)

 

Бул Афганистандан келген кыздарга берилет. Грант БААУнун даярдоо бөлүмүндө  бир жыл окууну колдойт. Эгерде студент кыз окууга кирип жана БААУнун бакалавриат программаларынын бирине кабыл алынса, ал толук стипендия менен камсыз кылынат (окуунун толук акысы, турак-жай акысы жана стипендия) окуу программасы менен толук камтылат. Арызды БААУнун өзүнө тапшырыш керек.

Бул стипендия студент өзүнүн окуудагы жалпы жетишкендик деңгээлин 2.7ден төмөн түшүрбөй кармапап жүрсө автоматтык түрдө жаңыртылып турат. Ал эми студент стипендия алуу үчүн талап кылынган GPA минималдык деңгээлде кармай албаса, ага GPA талабын аткаруу үчүн эки сместр мөөнөт берилет.

 

2.    АКШ – Борбордук Азия окуу фондунун стипендиясы (CAEF)

 

өлчөмү: 100%

Бул стипендия Бизнес башкаруу жана Экономика программаларынын биринчи курсунун студенттерине сегиз семестрге берилет. Бул жардам Бордук Азия өлкөлөрүнүн келген, кирүү сынактарынан артыкчылык баасы менен өткөн жана материалдык абалы начар студенттерге берилет. Арыздар CAEFке түз берилиши керек. Толук маалыматты CAEFтин вебсайтынан таба аласыз: www.us-caef.americancouncilsnetwork.org

 

3. Aга Хан фондунун стипендиясы

Бул стипендияны донордук уюм өзү башкарат. Ага Хан фондунун стипендиясы жөнүндө маалыматты бул жерден тапсаңыз болот: http:өөwww.akdn.orgөakf_scholarships.asp

 

4. АКШ элчилигинин Тажикистандан келген биринчи курстун студенттерине берилүүчү стипендиясы

АКШ элчилиги Тажикистандан келген биринчи курстун студенттерине сегиз семестрге стипендия берет (окуунун толук акысы, турак-жай акысы жана стипендия). Эки толук жана бир толук эмес стипендия бакалавриат программасындагы студенттерге жана үч стипендия даярдоо бөлүмүнүн студенттерине берилет.

* Эсинизде болсун, баардык стипендиялар бир жылга берилет жана студент бардык талаптарды аткарган учурда гана узартылат.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028