Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Каржылык муктаждыкка негизделген финансылык жардам

МАТЕРИАЛДЫК АБАЛГА НЕГИЗДЕЛГЕН ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМ

 

МАТЕРИАЛДЫК АБАЛГА НЕГИЗДЕЛГЕН ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМГА КИМДЕР КАЙРЫЛА АЛАТ?

Төмөнкү талапкерлер финансылык жардам алуу үчүн арыз бере алышат:

  • БААУнун кабыл алуу комиссиясы сунуштаган талапкерлер (БААУга кирүү сынактарын ийгиликтүү тапшырган жана кабыл алуу комиссиясына документтерин өткөргөн талапкерлер)
  • Күндүзгү бөлүмдүн студенттери (full-time status)
  • Финансылык муктаждыгы бар студенттер
  • КМШ өлкөлөрүнүн жарандары

 

МАТЕРИАЛДЫК АБАЛГА НЕГИЗДЕЛГЕН ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМГА КАНТИП АРЫЗ БЕРҮҮГӨ БОЛОТ?

           1. Финансылык жардам алуу үчүн арыз толтуруңуз

    • 2025–2026-окуу жылы үчүн финансылык жардам алуу боюнча арызды толтуруңуз
  •  
  •  2. Тастыктоочу документтерди тапшырыңыз
    • Сиздин материалдык абалыңызды тастыктаган бардык зарыл документтерди даярдап, тапшырышыңыз керек
  •  
  • 3. Документтерди электрондук почта аркылуу же жеке өзүңүз тапшырыңыз
    • Бишкектеги студенттер документтерди финансылык жардам бөлүмүнө жеке тапшырышы керек
    • Региондордон же башка өлкөлөрдөн келген студенттер документтерди finaid@auca.kg электрондук почтасына жөнөтө алышат. Окууга келгенден кийин документтердин оригиналдарын тапшыруу зарыл

 

 МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ

  • Максималдуу жардам: Максималдуу материалдык абалга негизделген жардам окуу акысынын 40%ын түзөт
  • Жардамдын узактыгы: Финансылык жардам максималдуу сегиз семестрге (төрт академиялык жыл) берилет.
  • Тапшыруу мөөнөтү: Бардык зарыл документтер финансылык жардам бөлүмүнө белгиленген мөөнөткө чейин тапшырылышы керек. Кеч тапшырылган документтер кабыл алынбайт.
  • Мөөнөттөн кечигүү: Эгерде сиз тапшыруу мөөнөтүн өткөрүп жиберсеңиз, кайра арыз берүүнү кийинки академиялык жылда гана жүргүзө аласыз. Бул учурда сиздин GPA 2.7ден төмөн болбошу керек жана күндүзгү бөлүмдүн (full-time) студенти болуусу зарыл
  • Жыйынтыктар тууралуу билдирүү: Арыздын жыйынтыгы арызда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жөнөтүлөт

2025–2026-окуу жылы үчүн материалдык абалга негизделген финансылык жардамга тапшыруу арыз формасы

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028