Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Укуктун магистри даражасын алуунун талаптары

Укуктун магистри даражасын алуунун талаптары

 

Студенттер LL.M. магистрдик программасына окууга кабыл алуунун бардык талаптарын аткаруунун жыйынтыгында кабыл алынат. Студенттер 2 жылдын аралыгында окутуудан өтүшөт. БААУнун LL.M. программасынын магистри даражасын алуу үчүн студенттер минималдык орто баллы 2,3 же андан жогорку көрсөткүчү (GPA) менен жалпы 120 насыя чогултуусу керек. Кош диплом алып жаткан студенттер Индиана Университетинин алдындагы Роберт Х. Маккинни юридикалык мектебинин жана башка өнөктөш университеттердин укук боюнча магистри даражасын алуу үчүн бардык курстарды 3,0 орто эсептеги баллы менен өтүүсү абзел.

Милдеттүү предметтер менен бирге студенттер төмөнкүлөрдү аткаруусу кажет:

  1. Практикадан өтүү 
  2. Магистрдик диссертация жазуу

 

LL.M. магистрдик программасынын студенттери бардык төрт семестрди өтүп, бирок магистрдик диссертация бербесе, милдеттүү курстардын бирин да өтпөсө же бүтүрүүчүлөрдөн талап кылынган зарыл болгон сандагы насыяларды чогулта албаса, анда программага кайрадан эмки семестрде жазылууга милдетүү.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028