Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - LL.M. программасы жөнүндө

LL.M. программасы жөнүндө

 

БААУнун AUCA LL.M. программасы студенттерге өз потенциалын толугу менен ачуусу үчүн жардам берүү максатында окутуунун жогорку сапаты жана чакан семинарлардын шартында билим берүү менен камсыздайт. Программа убактысы чектелген орто звенодогу ата мекендик жана чет элдик адистер үчүн жеткиликтүү түрдө иштелип чыккан. Бул максатта программа интенсивдүү модулдук форматта окутулат. Студенттерге LL.M. магистрдик программасын өтүү учурунда өз адистиги боюнча иштөө сунушталат. LL.M. программасынын студенттери АКШ жана ЕБнын өнөктөш-университеттеринде экинчи магистрдик даражасын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан тышкары алар адвокатурага сынак тапшырууга арыз бере алышат жана АКШда расмий таанылган юрист катары юридикалык практика менен алектене алышат.

 

 

Кыскача БААУнун LL.M. магистрдик программасы төмөнкүлөрдү сунуштайт:

 

  • укук тармагында кесипкөйлүк билимдерди;
  • ийкемдүү окутуу графигин;
  • Сабактарды АКШ, ЕБ жана КМШ өлкөлөрүнөн келген укук боюнча мыкты профессорлор жана алдыңкы юристтер өтүшөт;
  • Экинчи окуу жылында АКШ же ЕБда окуу жана кош диплом программасы боюнча эки диплом алуу, ошондой эле АКШда адвокаттыкка сынак тапшырууга арыз берүү мүмкүнчүлүктөрүн;
  • Алмашуу программалары боюнча чет өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүгүн, заманбап китепкананын кызматынан пайдаланууну, көп сандаган юридикалык иш-чараларга жана мыкты юридикалык сынактарга катышууну;
  • 8 айга узартуу менен окуу акысын төлөөнүн жеке планын жана жетишкендиктерге жараша арзандатууларды.

Программа жөнүндө кенен маалымат алуу үчүн биз менен байланышыңыз.

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028