Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Окутуунун миссиясы жана жыйынтыктары

Окутуунун миссиясы жана жыйынтыктары

 

LL.M. магистрдик программасынын максаттары

LL.M. магистрдик программасы жогорку кесипкөйлүк билимдүү бүтүрүүчүлөрдү Эл аралык долбоорлор менен уюмдарда, мамлекеттик органдарда, өкмөттүк эмес уюмдарда, жеке менчик юридикалык фирмалар менен коммерциялык түзүмдөрдө иштөөгө, анын ичинде окутуучулук жана изилдөөчүлүк ишмердүүлүккө, ошондой эле билим алууну магистратура же Ph.D./S.J.D программаларында улантууга даярдоого багытталган.

Программа өз студенттеринин Эл аралык жана бизнес укук тармагында кесипкөйлүк компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталып, ички жана Эл аралык эмгек рыногунда суроо-талапка ээ адистерди даярдоо максатын көздөйт. Биздин программа менен университеттин негизинде Америка менен Борбордук Азиянын либералдык билим берүүсүнүн мыкты салттарын ар бир студентке жекече мамиле жасоо менен айкалыштыруу жатат. 

 

Магистрдик программа боюнча окутуунун жыйынтыктары

LL.M. магистрдик программасынын бүтүрүүчүлөрү төмөнкү компетенттүүлүктөргө ээ болушат:

  1. маалыматты сын көз-карашта жалпылоо жана талдоону билүү, бул жаңы билимдер менен ыкмаларды өз алдынча иликтөө жана колдонуунун негизи болуп саналат;
  2. кесипкөйлүк ой-жүгүртүүнү колдонуу, сапаттуу укуктук талдоону ишке ашыруу, укуктук изилдөөлөрдү өткөрүү жана укуктук маселелерди алдыңкы ыкмалар жана технологиялардын жардамы менен чечүү, кесипкөйлүк чөйрөдө жаңы оригиналдуу идеяларды иштеп чыгуу;
  3. нормативдик укуктук актыларды түшүндүрүү жана колдонуу, нормативдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү, укуктун ар кандай тармактарында белгилүү бир иштер жана абалдар боюнча квалификациялуу юридикалык бүтүмдөрдү чыгаруу;
  4. заманбап маалыматтар базасы жана жаңы технологияларды пайдалануу менен илимий изилдөө жүргүзүү;
  5. Эл аралык тажрыйбаны, интернет-ресурстарды пайдаланууну, окутуунун жаңы формаларын жана ыкмаларын колдонууну эске алуу менен юридикалык дисциплиналарды жогорку теориялык жана методикалык деңгээлде окутуу;
  6. активдүү жарандык позицияны, демилгени билдирүү жана мамлекеттин өнүгүүсү, жалпы элдин жыргалчылыгы үчүн багытталган долбоорлорду ишке ашыруу.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028