Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Миссия

Адам ресурстарын башкаруу боюнча кеңсесинин миссиясы

Адам ресурстарын башкаруу боюнча кеңсесинин миссиясы университеттин жалпы миссиясын төмөндөгү жолдор менен жогорулатуу жолунда турат:

  • Квалификациясы жогорку, жүйөсү бар жана калыс кызматкерлерди тартуу;
  • чечүүчү кызматтарга көтөрүү үчүн даярдыгы, жүйөсү бар кызматкерлердин резервин түзүү;
  • университеттин окутуучуларынын жана кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин максатка багыттап, үзгүлтүксүз жогорулатуу;
  • университетте окутуучулардын жана кызматкерлердин туруктуу контингентин сактап калуу;
  • БААУ башка жогорку окуу жайлардын арасында жогорку рейтинги бар жана адистерди окутуп-үйрөтүү менен даярдоо процесстерине карата жаңычылдык мамилеси менен айырмаланган билим борборуна айландыруу;
  • Университеттин таасирин жогорулатуу жана анын Кыргызстандагы, ошондой эле Борбор Азиядагы алдыңкы жогорку окуу жайы катары бедели менен туруктуулугун бекемдөө.

 

Ишке жалдоодо университет тең укуктуулуктун принциптерин карманат. Жалдоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда талапкердин расасы, улуту, жынысы, ишенген дини, жарандыгы, жаш курагы, саясий көз караштары же жеке өз ара мамилелери да таасир көрсөтпөйт.

 

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028