Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ЖАШОО

ЖАШОО

Чет элдик студенттер жашап туруунун 2 жолунун бирин тандай алышат: БААУнун жатаканасында жашап туруу же өз алдынча квартира ижарага алып жашоо. Жашоонун кайсы түрүн тандасаңыз да, Чет элдик студенттер боюнча борбор сизге көчүүгө жардам берет.  


БААУнун жатаканасында жашоо

 

Батир ижарага алып жашоо
Төмөндө сиз Бишкекте батир ижарага алып жашоо боюнча бир нече кеңеш таба аласыз


1. Эң оболу чет элдик студенттер боюнча координатор менен кеңешиңиз. Ал издөөнү эмнеден баштоо керектигин айтып, батирлердин ээлери менен байланышууга жардам
берет. Эсиңизде болсун, координатор батир табуу жактан жардамын бергени менен анын баасын келишүүдө сиз менен үй ээсинин талкуусуна кийлигише албайт.


2. Чет элдик иштер боюнча кеңсеге барып сиз ижара тууралуу келишимдин үлгүсүн аласыз. Анда Бишкекте батирлерди ижарага берүүнүн шарттары камтылган. Ага кол коюудан мурда эки тараптын милдеттерин кылдаттык менен иликтеп чыгыңыз.


3. Ижара тууралуу келишимге кол коюудан мурда үйдүн кожоюну менен коммуналдык төлөмдөрдү ким төлөрүн аныктап алыңыз. Суу, газ, электр жана телефон акысын. Ал эми
Эл аралык чалууларды Кыргызтелеком компаниясынын каалаган бөлүмдөрүндө ишке ашыра алсыз. 


4. Эгер сиздин аракеттериңиздин натыйжасында батирге зыян келтирилсе (шалаакылык же билбестен), анда оңдөп-түзөтүүнү өз колуңуз менен жасап берүүңүз же анын кызмат
акысын төлөп берүүңүзгө туура келет. Андыктан батирдеги ыңгайлуулуктарга жана эмеректерге аяр мамиле жасаңыз жана астыңкы кабаттагы кошуналарды суу каптап кетпөөсү үчүн сууну жабууну унутпаңыз.


5. Батирдеги кошуналарыңыз менен сый мамиледе болуңуз:
◦ Музыканын үнүн катуу чыгарбаңыз, кулакчын колдонуңуз.
◦ Өзүңүздүн буюмдарыңызды жана гигиена каражаттарын гана пайдаланыңыз.
◦ Кечки саат 22:00дөн кийин чуру-чуу чыгарып, көңүл ачуу кечесин уюштурбаңыз.


6. Эгер сиз батир алмаштырып, башка жайга көчүүнү чечсеңиз, анда бул тууралуу координаторго маалымдаңыз. Ал эски келишимди үзүп, жаңы келишим түзүүгө жардам берет. Ижарага алган батириңизде төлөнгөн убакытка чейин болуу зарылдыгын унутпаңыз. Батир алмаштырган учурда биринчи кезекте чет элдик студенттер боюнчаn коодрдинаторго маалымдап коюуңуз.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028